www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги үч милиция кызматкерине чара көрүү сунушталды

Акыйкатчынын кеңсеси Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки жыл мурун жоголгон кызды издөөгө албаганын билдирди.

5-ноябрда омбудсмендин басма сөз кызматы маалымат таратып, 2019-жылы жоголгон, ошол кезде 19 жашта болгон кызды издөөгө милиция көңүл бурган эмес дейт. Кыздын жакындары акыйкатчыга кайрылып, күч органдарына жазылган арыздын жыйынтыгы болбой жатканын айтышкан.

Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлери Бишкек шаардык прокуратурасынан аныктагандай, жоголгон адамдын жакындарынын арызы бир жылдан кийин 2020-жылдын октябрында катталып, кыз дайынсыз жоголгон деп жарыяланган. Райондук милицияда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш 2020-жылдын 16-октябрында токтотулган. Декабрда прокуратура бул чечимди жокко чыгарып, кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Андан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы көрсөтүлгөн эмес.

Иштин чоо-жайы иликтенип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Ленин райондук милициясынын тергөөчүсүнө жана эки ыкчам кызматкерлерге чара көрүү сунушталды.

Шаардык милиция азырынча буга комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости