www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Кыргыз-Мажар фонду ачылды

Бишкекте Кыргыз-Мажар өнүктүрүү фондунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР экономика жана коммерция министринин орун басары Данияр Амангелдиев, Мажарстандын тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто, андан тышкары, Кыргыз-Мажар өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын жана кеңешинин өкүлдөрү катышты.

Министр Сийярто белгилегендей, Кыргызстан менен Венгрияны көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турат, алар ишенимдүү мүнөзгө ээ жана тең укуктуулук менен өз ара кызыкчылыктарды урматтоо духунда системалуу түрдө өнүгүп келет.

Ошондой эле Сийярто - фонд инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн натыйжалуу аянтча болуп, Кыргызстанда, өзгөчө пандемиядан кийинки мезгилде кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп белгиледи.

Министрдин орун басары Амангелдиев КР министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан бардык катышуучуларды куттуктап, биздин өлкөлөрдү көп кылымдык соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелер байланыштырып турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө фонддун баштапкы капиталы 16 миллион доллар түзөт, келечекте аны 50 миллион долларга жеткирүү пландалууда.

Фонддун директорлор кеңеши 5 адамдан турат: кыргыз тараптан 3 өкүл, мажар тараптан 2 өкүл. КР министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен фонддун кеңешинин жана башкармасынын курамы бекитилди. Фонддун штаб-квартирасы Бишкек шаарында жайгашып, ал үчүн имарат даярдалды.

Эскерте кетсек, кечээ, 4-ноябрда, фонддун директорлор кеңешинин биринчи жыйыны өтүп, анда бир катар чечимдер кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости