www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин айрым райондорунда 22 жана 24-сентябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы билдирди.

22-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Достоевский, Анкара жана Ауэзов көчөлөрүндө, темир жолдун жээгиндеги аймакта, «Алтын-Ордо», «Кара-Жыгач» конуштарында жана «Полицейский городокто» суу берүү токтотулат.

24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Бельская, Айдарбеков көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектисинде, Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги жана түндүк тарабындагы аймактарда, БЧКда, Маевка айылында, ошондой эле «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын-Бешик», «Салам-Алик», «Ак-Босого» конуштарында жана Ала-Арча айылында суу убактылуу токтотулат.

Суу берүү «Контррезервуарлар» жана «Түндүк» суу топтомолорунда, ошондой эле шаардык суу түтүктөрүндө жүргүзүлө турган оңдоо-профилактикалык иштерге байланыштуу өчүрүлөт.

Жарандардан жана уюмдардан алдын ала ичүүчү суу камдап алуу өтүнүлөт.

Последние новости