www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезия АКШнын басымына карабай Орусиядан мунай импортун улантарын билдирди. Өлкөнүн энергетика министри Бахлил Лахадалия Орусиядан келген чийки мунайдын жеткирүүсү туруктуу экенин айтты.

Бул кадам АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Орусиянын мунайын сатып алган өлкөлөргө каршы 100%га чейин кошумча бажы төлөмдөрүн киргизүүнү караган мыйзам долбоорун жактырган учурга туш келди.

Индонезиянын өзүндө мунай өндүрүү суткасына 572 миң баррелди түзүүдө. Бул 2026-жылга белгиленген 610 миң баррелдик максаттан төмөн. Ошондуктан Джакарта ички керектөөнү камсыз кылуу үчүн импортко көз каранды бойдон калууда.

Индонезиянын бийлиги Орусиядан мунай сатып алуунун так көлөмүн азырынча жарыялаган жок.

Последние новости