www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда прокуратура органдарынын доо арыздарынын негизинде 96 млн 587 миң 170 сомго бааланган имарат муниципалдык менчикке кайтарылды.
Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасы билдирди.
Маалыматка ылайык, имарат 23 миң 500 чарчы метр жер тилкеси менен бирге муниципалдык менчикке өткөрүлгөн. Мындан тышкары, наркы 3 млн 325 миң сом болгон 2 гектар жер тилкеси да мамлекетке кайтарылган.
2026-жылдын биринчи алты айында Нарын облустук прокуратурасы мамлекеттин жана жарандардын кызыкчылыгын коргоо максатында сот органдарына 29 доо арыз берген.
Алардын 28и жер маселелерине, бири балдарга камкорчулук белгилөөгө байланыштуу болгон.
Жер мыйзамдарын бузуу боюнча берилген 28 административдик доо арыздын 12си канааттандырылып, калгандары учурда кароодо турат.
Белгилей кетсек, 2025-жылы Нарын облустук прокуратурасы сотторго 110 доо арыз берген.
Анын 74ү жарандык, 36сы административдик доо болгон.
Алардын 92си канааттандырылып, 6 доо арыз канааттандыруусуз калган.