www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Аскер прокуратурасы МЧСтин «Байтик» метеостанциясындагы курулуш боюнча мыйзам бузууларды аныктады. Имарат долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз, Ала-Арча дарыясынан 5 метр аралыкта, суу коргоо аймагына курулган.
Иштин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, МЧСтин мурдагы министри кармалды.
Башкы прокуратура анын аты-жөнүн ачыктаган эмес. Бирок жарыяланган А.Б. инициалдары экс-министр Бообек Ажикеевдикине дал келет. Ал МЧСти жетектеп турган учурда курулуш иштери жүргүзүлгөн.
Тергөө уланууда.