www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин вице-мэри шаардын отказандарынын абалын текшерди

Бүгүн борбор калаанын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев күз-кыш мезгилинин жүрүшүн көзөмөлдөп, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын №21 мектеп-интернаты жана "Факел" отказандарынын абалын текшерди.

Муниципалитеттин маалматына ылайык, "Факел" от казаны "Газ шаарчасы" конушунда жайгашкан, 1526 адам жашаган 35 көп кабаттуу турак үйдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.

“Бул жерде 1983-жылы эки ТВГ 4-Р буу казаны орнотулуп, пайдаланууга берилген. Буга чейин алар учурдагы жана капиталдык ремонттун натыйжасында эксплуатацияланып, буу казандарынын жана газ түтүктөрүнүн катмары жаңыланып, тышкы беттери тазаланган. Жыл сайын текшерүүлөр жана гидравликалык сыноолор жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда от казандарынын жылуулук көрсөткүчтөрү бир кыйла төмөндөдү, буга байланыштуу “Факел” от казанын модернизациялоо маселеси келип чыгууда.

Өз кезегинде №21 мектеп-интернатындагы от казан угуусу начар жана кийин укпай калагандар үчүн билим берүү уюмуна жылуулук берет.

“2020-жылы "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын өздүк каражаттарынын эсебинен көмүр от казаны жаратылыш газына өткөрүлдү”, - деп белгилешти мэриядан.

Вице-мэр "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын адистерине тез арада калган 22 көмүр от казанын отундун альтернативдик түрүнө өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости