www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын бирдиктүү маалымат кызматы - 1533 колл-борборунун салтанаттуу ачылышы өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, 1533 кыска номери суу чарба ишканасына баш ийген ишканаларынын сегиз башкаруу бөлмөлөрүнүн кызматын бириктирди, эми шаардыктарга ар башка номерлерге чалуунун кажети жок.

“Бирдиктүү маалымат борбору күнү-түнү тынымсыз, дем алыш жана майрам күндөрү иштейт. Операторлор абоненттердин арыздарын жана даттанууларын кабыл алышат, маалымат жана консультациялык кызматтарды көрсөтүшөт”, - деп айтылат маалыматта.

Колл-борборду жайгаштыруу үчүн былтыр жаңы имарат тургузуу чечими кабыл алынып, курулуш 5 айдын ичинде жүргүзүлгөн.

“Бардык курулуш-монтаждоо иштери “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жеке каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү, бүгүнкү күндө оңдоо жана куруу иштери толугу менен бүткөрүлүп, имарат пайдаланууга берилди”, - деп белгилешти муниципалитеттен.

Эгерде сиздерде суу менен камсыз кылуу маселеси келип чыкса, анда биздин бирдиктүү санариптик "суу менен камсыздоо" борборуна чалууңуздар керек - 1533.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости