www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Джо Байден көз жашын тыя албай...

АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байден кичи мекени болгон Делавэр штатынын Уилмингтон шаарында коштошуу сөзүн сүйлөдү. Ал бүгүн, 20-январда Вашингтонго көчүп барат.

Байден сөзүн үй-бүлөсүнө, командасына жана досторуна ыраазычылык билдирүү менен баштады. Андан кийин ыйлап жиберди. Иш-чара Байдендин каза болуп калган уулунун ысымы берилген Улуттук гвардия борборунда өтүп жаткан.

«Бул мен үчүн бир аз эмоционалдуу. Мен каза болгондо Делавэр жүрөгүмө, бардык Байдендердин жүрөгүнө жазылып калат», - деди жаңы президент.

Сөзүнүн аягында Байден каза болгон уулу жөнүндө айтып жатып көз жашын тыя алган жок.

«Менин бир гана өкүнүчүм бар, ал — уулумдун ушул жерде болбогону», - деди Байден.

Белгилей кетсек, бүгүн, 20-январда Вашингтондо Байдендин салтанаттуу ант берүү аземи өтөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости