www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул жашоо албетте ар тараптуу тагдыр менен курчалганы анык. Андыктан буга чейин жашоодо эмне деген гана окуялар болуп өткөн жана дагы боло бермекчи.Эмесе сиздерге сабак болуш үчүн болгон окуядан кеп учугун чыгарсак. Албетте бул окуя жакында эле болгон. Эмесе сөз башынан болсун:
Айгерим өзү сүйүп-күйүп, атасы менен апасынын тилин албай Эрмекке турмушка чыгат. “Сүйүү” деген назик сезимди бийик тутуп. Бардык нерсе башында жакшы көрүнүп, жакшы сезилери анык. Анан турмуш арабасы кимдин - ким экенин өзү калыстап коёт эмеспи.
Айгерим боюна бүткөндөн баштап эч нерсеге сабыры жок болуп, көңүлү эч нерсеге чаппай, жөн жерден эле күйөөсүнө тили тийип, кетпе десе болбой төркүнүнө кетип калды. Анткени ал Эрмектен мындай мамилени күткөн эмес болучу. Ишинен капа болуп келип, сиркеси суу көтөрбөй турган Эрмектин да ачуусу келип кеткени чын эле. “Эрди - катын урушат, эси жок адам болушат” деп айтылгандай, ар бир үй-бүлөөдө уруш-талаш болуп келгени да чын.
Айгерим үйүнө келип атасы менен апасына жашоосунан жаңылганын жана мындай кийин Эрмек менен бирге жашабасын айтып, бышактап ыйлап да алды. Бир кезде апасы сөз кезеги келгенде акырын гана:
-Кызым, сен туура эмес кыласың, жашоодо өйдө-ылдый боло берет жана болуп келген. Азыр сен кош бойлуу болуп турганың үчүн сабырың жок болуп жатат. Азыр бизге айтып жаткан сөзүңдү токтот. Биз күйөө балабыз Эрмектин жаман сапатын сенден укпай эле койгонубуз оң. Анткени азыр ачуулукка алдырып айткан кептериң бизге анча деле таасир берген жок. Жакшы аял эч качан тийген күйөөсүн сатып аны үйүнө жамандап келбейт. Эртең экөөң табышып алган соң, аны бизге жамандап келгениң үчүн катуу өкүнүп каласың?-деп айтканда, Айгерим апасынын бул айткан сөзүнөн ушунчалык таасирленип, өзүн бир башкача сезип кетти.
Анткени Эрмектин бир гана жолку ачууга алдырганын ушунчалык берилүү менен атасы менен апасына кеп кылганына өкүнүп да алды. Анткени атасы дагы кабагын салып укканы менен эч сөз айтпай ичкери кирип кеткени Айгеримди түйшөлттү. Бул жолу чынында күнөө өзүнөн кеткенин билди. Анын себеби кээ бир жакшы адамдар үн катпай көз карашы менен гана жаман же жакшы көрүп турганын билгизип коёру анык. Атасынын көз карашы эле “кызым, сен али жашсың, бул адатыңды токтот” дегенден белги бергенсиди.
Эртеси күнү кечинде Эрмек телефон чалып кечирим сураганда, Айгерим ушунчалык өзүн жек көрүп кетти. Анткени ал бир күн илгери эле Эрмекти апасы менен атасына жигине жетире жамандабады беле. Эми минтип Эрмектин кечирим сураганы мык менен төбөдөн ургандай таасир берип, өзүнө-өзү батпай кетти. Ооба, түнү менен дагы өзүнүн кетирген күнөөсүнө калыс ой жүгүрткөн болучу. Эми минтип апасы айткандай Эрмек менен кантип жолугуп, аны менен эми кантип жүз көрүшөт. Мына тилдин душмандыгы. Эч сөз айтпастан телефонду өчүрүп, диванга келип олтуруп ыйлап жиберди. Эмнеге ыйлап жатканына өзү деле түшүнгөн жок.
Кеч кирди, бул күнү апасынын туулган күнү болучу. Эки күн илгери Эрмек экөө сүйлөшкөн “апамдын туулган күнүнө жакшы белек берели” деп. Кечинде үйгө коноктор келип, опур-топур болуп жатканда Эрмек апасы менен атасын ээрчитип туулган күнү менен апасын куттуктап кирип келгенде Айгерим көргөн көзүнө ишене алган жок. Аларды жакшы маанай менен кабыл алып, атасы менен апасы ортодо эч сөз укпагандай мамиле жасап, ал турсун Эрмектин ишин сурап көңүл бурганы Айгеримди дагы жүдөттү.
Ушул окуядан кийин Агерим үйүндө кандай чыр-чатак болсо дагы апасы менен атасына айтып келгенин койду. Анткени баары бир Эрмек менен бирге түбөлүккө жашарын жана анын кыял жоругуна акырындык менен көнүп, өзүнүн аялдык көтөрүмдүүлүгү менен барын жеңип келе жатканы себеп болду. Көрсө жакшы аял жаманды жашырып, жакшыны ашырганда гана “эне” деген улуу атка татыктуу болоруна турмуш өзү күбө.
Учурда Айгеримдин сөзү чоң чыгып, эркек уул төрөп берип Эрмекти өзүнө имерип алган. Андан дагы баягыдай чыр-чатак болбой ортодо бала экөөнү жипсиз байлап салган. Айгерим апасы менен атасынын берген кеңешине ыраазы болуп, алардын тилин алып үй-бүлө мүчөсүн сактап калганын эсинен чыгарбай келет.
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg