www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: Өлүк менен сырдашуу

Бул дүйнөдө түбөлүктүү жашоо жок да, адам баласы тургай тирүү жүргөн бардык жандыктар өлүп, топуракка айланышат. Азыркы секундда канчалаган гана адам төрөлүп, канчалаган гана адам оо дүйнөгө жөнөп кетип жатат. Бул жашоого биз мейман катары убактылуу эле келет экенбиз да, анан түбөлүктүү жашоого кетебиз. Мындайча айтканда бардыгыбыз өлүмдүн даамын татабыз. Менин көзүмчө эле канчалаган адамдын көзү өтүп кетип жатышат. Бир туугандар, кошуналар, тааныштар, тели-теңтуштар, дегеле койчу айтып отурса түгөнбөйт, четинен кетип жатабыз. Ар бирин өзүнүн ырым-жырымы менен коюп келатабыз. Ушул жашка келгени канчалаган гана адамдын жаназасында болуп жайына узаттым. Маркумдардын сөөгүн жууганга, көр ичине кирип жайгаштырып жаткырганга, башка ырым-жырымынын бардыгына катышып, мусулманчылыктын парздарын аткарууга аракет кылып келе жатам.

Ар бир маркумду жайына тапшырууда сөөк жуулуп жатканда дайыма бир окуя эсиме түшүп кете берет. Ал убакта жашыраак болчумун. Райборбордо турган таякемдин баласы каза болуптур деген кабар келди. Күтүлбөгөн мындай кабарга бардыгыбыз эмне кыларыбызды билбей дүрбөп калдык.

- Ой ботом, кечөөгүнү эле бакылдап-шакылдап биздин үйдө жүрбөдү беле. Оо Жаратканым, анын күнөөлөрүн өзүң кечире көр, ыйманы саламат болсун! - канча калса өзүнүн агасынын баласы да, апам көзүн жаштап бир сыйра ыйлап алды. Анын үстүнө ал биздин үйгө көп каттачу, менден төрт жаш эле улуу болчу, үйлүү-жайлуу эки баласы бар эле. Балдарынын бирөөсү үчтө, экинчиси беште болчу. Өзү болсо отуздан жаңы эле ашкан. Али жаш деп да айтсак болот. Биз дагы жүрөгүбүз аябай агыша ишенээр-ишене албасыбызды билбей турдук.

Анан бардыгыбыз шаша-буша ал жакка жөнөгөнгө камына баштадык. Райборбордон биздин айылга чейин бир топ эле алыс болчу. Машина жалдап, бирибиз да калбай үй-бүлөбүз менен жөнөп кеттик. Жол карата үн чыгарбай ар ким өзү менен өзү болуп бара жатышты. Менин көзүмө таякемдин баласы эле элестеп туруп алды, апам кез-кез өзүнчө сүйлөнө ыйлап коёт. Мен баары бир ишене албай, ал бизди тосуп алчудай болуп кетип бараттым. Таякемдин үйүнө жакындаганда эле алыстан көптөгөн машиналардын, элдин топтолушуп турганын, алардын жанындагы боз үйдү көрүп анан ишенүүгө туура келди. Анан өзүнөн өзү эле көзүм жашылдана, жүрөгүм ачыша ыйлагым келе баштады. Салт боюнча өкүрүп бардык, мен дагы ошондо бир сыйра ыйлап алдым.

- Сопсоо эле жүргөн, инфаркт болуп күтүлбөгөн жерден жүрөгү токтоп калды. Врачтарга алып барсак "бардыгы кеч, биздин колубуздан эми эч нерсе келбейт" деп койду, - таякем көзүн жаштап атам менен кобурашып турду.

- Кайрат кыл жезде, Жараткан өзү берди, өзү алды. Бул да болсо буйрук, биздин колубуздан эч нерсе келе албайт экен. Бардыгыбыз  тең  ошол  жакка барабыз, - деп атам таякеме кайрат айтууда.

Эртеси күнү анын жаназасына эл ушунчалык көп келди. Сөөктү жуурда таякемдин туугандарынын бирөөсү келип "сен сөөктү жууганга катышасың, мурда жууп көрдүң беле?" деди, мен сөөк жууганга катышып жүргөнүмдү айттым. "Андай болсо даярданып тур" деп кетип калды. Бир аздан кийин мага келип өлүк жаткан боз үйгө ээрчитип алып кетишти. Маркумдун колу көөдөн тушунда бүчүлүп турганынан улам улуулар өз ара күбүр-шыбыр боло молдону чакыртышты.

- Колун көтөрүп же сунулбай калса маркумдун эң жакшы көргөн тууган-туушканы кулагына келип үч жолу кыйкырса колу түшөт, - деди молдоке.

Эң улуу байкесин чакырып ал-жайын түшүндүрдү эле, ал киши маркумдун кулагына келип "менин атым баланча, сен колуңду түшүрүп ташта!" деди. Маркумдун көтөрүлүп турган колу акырындап төмөндөп барып токтоп калды, бирок толугу менен түшпөдү. Өлүк менен сүйлөшкөн мындай көрүнүштү биринчи көрүшүм. Бир аздан кийин маркумдун колу кайрадан көтөрүлүп калды. Колунун кайта көтөрүлүп калганын көрүшүп жуунтуп жаткан кишилер кайрадан шашыла молдону чакыртып келишти. Сыртта топтошкон эл качан сөөк жуулуп бүтөт деп чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. Ал эми бул жактагы акыбалыбыз ушундай. "Эң улуу байкесин анча жактырбайт окшойт, чын дилинен жактырган инисин же агасын чакыргыла!" деди. Ошондо аталаш тууганынын баласын чакырып келишти. Экөө тууган дагы, классташ дагы, дос да болчу. Дайыма чогуу жүрүшчү. Ал көзүнүн жашын агызганын токтото албай боз үйдүн ичине кирип келди, "Көзүңдүн жашын аарчып, эми муну менен сүйлөш" деди молдо. Кантип айтыштын жол-жобосун түшүндүрүп берди.

-  Сабырбек, бул мен Турармын, колуңду ташта, таштачы колуңду! - деп катуу кыйкырганда гана анын сөзүн уккандай маркумдун колу акырын кыймылга келип төмөндөп баратты. Анан акырындап ордуна келди.

- Сага Алла ыраазы болсун, бири-бириң менен ынак, сый дос болуп жүргөндүктөн сенин айтканыңа көндү, - деп молдо анын айланасында топурап карап турган бизге "өлүктү жуугула!" деп жол-жобосун айтып сыртка  чыгып  кетти.  Өлүктү жууп жатып аны тирүү уктап жаткандай эле түтөп жаттым.

Сыртта турган көпчүлүк менен жайына тапшырып келдик, мага аны тирүүлөй эле көмүп таштагандай туюлуп кетти. Анткени маркум менен сүйлөшкөн мындай окуяны биринчи жолу көрүшүм да. Арийне, турмушта баардыгы кездешет, буга таң калбай да, чочулабай да коюш керек. Эртеби-кечпи анын артынан биз дагы барабыз аркы дүйнөгө.

С.Эгембердиев

Булак: Сырдуу дүйнө

Последние новости