www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сымбаттын сынбас максаты

Бүгүн NazarNews.kgде журналистикада жуурулушкан парламенттик кабарчы, бир нече жылдан бери «Эркин-Тоо» газетасында эмгектенип келаткан журналист Сымбат Максүтова эже конокто:

--Өзүңүз жөнүндө маалымат айта кетсеңиз?

--Мен Улуттук университинин журналистика факультетин бүткөм. 2-курсумда журналистикага болгон алгачкы кадамым «Аалам» жеке менчик газетасы эле. Ошол күндөн ушул күнгө чейин басма сөздө 25-жылдан бери иштеп келе жатам.

-- Журналист деген ким? Журналист болуш үчүн кандай сапаттар керек?

--Азыркы 21-кылымдын журналисти мультмедиа болушу керек. Рюкзак асынган, диктофон менен камерасы жанында, өтө сезгич жана эң маанилүүсү туура сүйлөм түзүүсүндө.

--Журналист болуш үчүн диплом керекпи?

--«Мен мурун жаш кезимде ойочумун журналист болом дегендер, журналистика  факультетин бүтүшү керек-деп. Азыр андай ойдон кайттым. Ошол журналистика бөлүмүн бүтпөй иштеген адамдар да мыкты журналист боло алат экен. Ар кайсы кесиптин ээлери билиминде эмес анын кесипти сүйгөнүндө».

--Сиздин журналистика мектебиңиз тууралу айта кетсеңиз?

--Аталышы: Сымбат Максүтованын «Журналистика мектеби». Окуу мөөнөтү 2 ай. Ал мектептен университеттин программасында эмес, журналистика кесибине гана тиешелүү сабактарды өтөм. Биринчи максатым билим алып жаткан жаштарга тез арада журналистика кесибин үйрөтүү, насаатчы болуп окуучуларымды чыгаруу.

--Рахмат.

Нуриза Молдошева, NazarNews.kg

Последние новости