www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Юрист Клара Сооронкулова “Жогорку кеңеште мандатты жеке менчик катары кармап олтурган депутаттар жок эмес. Парламентке барып иштебесем дагы ал мандат меники, анткени мен аны акчага сатып алгам деген түшүнүк бар” деп айтты. Бул айтылган сөздүн артында эмне жатканы баарына түшүнүктү болсо керек.
Анткени мыйзам боюнча 30 жумуш күнү ишке чыкпаган депутат же кызматкер ордун бошотуп бериш керек. Бирок, парламентте сабакка келбей калган окуучудай “ооруп калдым” деген шылтоону бетке кармап ишке чыкпаган депутаттардын саны арбын. Алсак бир жылдан бери ооруп жаткан Насыр Мусаев деген чөнтөгү калың, улуту дунган депутат бар. Же ордун башкаларга бербейт же өзү ишке чыкпаганы чоң талкууга жем таштап, учурда катуу талаш жүрүп жаткан кез.
Быйылкы жылдын 6-февралында “Кыргызстан” партиясынын башчысы Алмазбек Баатырбеков, депутат Насыр Мусаевди пленардык жыйынга эч жүйөөсүз 35 жолу катышпаганы тууралу парламенттин төр агасына арыз менен кайрылган. Бирок ушул кезге чейин эч кандай жыйынтык чыкпай, өзүн кыйын сезген Мусаев ордун бербейт же ишке чыкпай жатканы кимдир бирөөлөрдү колуна алып койгондон белги бергенсийт. Эл тагдырын чечкен депутаттар ушул ишке барып жатканда, башкалар эмнени гана кылышпайт.
Жолдош Насыр Мусаев, ушунчалык ооруп кыйналып жатсаңыз, мандан сизди айыктырбайт. Сизден башкалар деле иштесин, ордуңузду бербесеңиз болбой калды. Ал эми кимге мандат үчүн канча акча берсеңиз аны менен өзүңүз эсептешип алат чыгарсыз. Кыскасы, мандатты иштетбей басып жатканыңыз туура эмес жорук экенин эсиңизге салабыз.
Бердикожо Бийназаров, NazarNews.kg