www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда коомчулук арасында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бириккени тууралуу сөздөр тарады.
Бул маалымат тууралуу аталган саясый партия Билдирүү таратты.
ММКлардын бирине "мындай ыплас бийликти токтотуу үчүн ким менен болсо да биригүүгө даярмын" - деп Адахан Мадумаров айткан.
Ал билдирүүдө кыргыз саясатында кайнап жүргөн кишилер менен гана эмес, жалпы журтка басым жасаган.
Конституцияны өзгөртүп, көптөгөн шайлоолорду бурмалап, мамлекеттик казынага эбегейсиз чоң зыян келтирген, өзүнүн жакын досуна, шоопуруна, жан сакчыларына мамлекеттик машинаны башкарткан киши менен биригүү Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын ар кандай принциптерине туура келбейт.
Тилекке каршы бир сөздү ар тарапка бурмалап, ар ким өзүнүн ыңгайына жараша таратып жаткандыгы өкүндүрөт.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы 2020-жылда өтүүчү Парламенттик шайлоого эч ким менен бирикпейт, 14 жылдык тарыхы менен, туруктуу электораты менен бирге жеңишке жетишет.
Тийиштүү маалыматтар жана топтолуп калган суроолор боюнча жакынкы күндөрү Адахан Мадумаров билдирүү таратат, деген Билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg