www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети” деп айтылгандай, жамандардын кесепетинен жыйырма жети жылдан бери өлкө өсө албай, кыйын кырдаалда турган кези.

Минтип айтып жатканыбыздын себеби, өлкөдө кандай курулуш башталса, деле чыры жок бүтпөйт. Бүтөт, бирок сарпталган акчалар сол чөнтөккө кирип кетет. Жакында Казактар берген грант менен Ала-Тоо конушунда салынган мектептен эле алдым-жуттумдар 12 миллион сом акча жеп салганы маалым болду. Бир эле мектептен ушунча акча жеп жатышса, анан кантип өлкө өнүгөт. Деги буларды көсөмөлгө алган бирөө жарым барбы?-деген суроо туулат.

Үч этаж болуп, 1500 окуучуга ылайыкталып  салына турган мектеп, он жыл дегенде араң эки этаж, 500 окуучуулук болуп салынып, казактарга уят болдук. Бекер акчаны да туура эмес колдонуп, ичип-жеп алган билермандарга эмне деген сөздү ыраа көрүштү билбей турган кез. Баарынан кызыгы эптеп бүткөн мектеп бир жылдан кийин полу жыйырма сантиметр түшүп кетип, чампалап оңдомуш болгон. Андан дагы 500 окуучу окуй турган мектепте азыр үч миңден ашык окуучу үч смен менен окуп, муглимдердин шайы кетип турган кез. Чоңдор жол тандабасты минип, казы-карта жеп курсак керип жүрсө, биздин келечегибиз болгон окуучулар тигинтип мектепке батпай жатышканы бул эмне деген жорук?

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости