www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мекен -Ынтымагы” партиясын түптөп, мамлекетимдин өнүгүшүнө салым кошсом, элдин турмушун жеңилдетсем деген патриот адамдардын бири Темирбек Асанбеков менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Темирбек Ишенбаевич, жакында экс-президент Алмазбек Атамбаевге кирип чыкканыңыз тар чөйрөдө айтыла баштады. Сыр болбосо экс-президент менен эмнелерди сүйлөштүңүз жана кандай максатта жолуктуңуз? Кепти ошол багытта баштасак...

- Президенттик милдетти аткарган адамдар жалпы коомчулукка сырдуу болгон , өтө маанилүү ички-тышкы саясый маалыматтарды билишет. Алмазбек Шаршеновичке   саясий упай топтоо  же саясий кызыкчылыкты көздөө максатында  жолуккан  жокмун . Мамлекет башкарган адам кандай себептен саясый мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдоно алган жок деген  суроолорго жооп алуу үчүн жолуктум.  Ар бир саясатчы мамлекеттик маселени туура түшүнүп , толук маалымат алып, саясый иштерин сапаттуу аткарууга милдеттүү. Ошондуктан, жалгыз эле Алмаз Шаршенович эмес, Кыргызстандагы мамлекет иштерине аралашкан саясатчылар менен  да жолугуп, алдыга койгон саясий милдетимди сапаттуу аткаруу максатында  пикир алышуудамын . Убагы, шарты келсе Сооронбай Шарипович менен да жолугуп , саясаттын туура адилеттүү багытын негиздөөгө аракет кылам.

- Алмаз Шаршенович сизди кандай кабыл алды?

- Алмаз Шаршенович жылуу кабыл алды, мамлекет түптөө багытындагы жеке ой пикири менен ачык бөлүшүп, Кыргызстанда демократиялык саясий баалуулуктардын принциптери сакталышы керек экендигин далилдеди. Саясий аренадагы туруктуу позицияда көрсөтүп жаткан иш аракеттериме туура баа бергенине ыраазы болдум . Албетте, ишеним көрсөтүп ич ара талкууланган жеке маселелерди коомчулукка жар салууну туура көрбөйм. Саясаттагы адамдардын сыр сактоо сапаты жогору болуш керек  деп билем. Ошон үчүн ал жерде сүйлөшүлгөн сөздөрдү айталбайм. Эң негизгиси 2010- жылдан бери келе жаткан саясий принциптеримен четтебей , "Мекен - Ынтымагы" партиясынын саясый - экономикалык максаттарын иш жүзүндө аткарууга умтулам .

 -Экс-президент менен азыркы  президент чындап эле тирешип жатабы же элдин көзүнө ошондой оюн ойноп, бири уткандай, бири утулгандай таасир калтырып жатышабы?

-КСДП партиясынын саясый кризиске такалуусу өкүнүчтүү болду. Анткени, алар 2010 - жылдан бери өтө оор саясий сыноолорду басып өтүп, 2017- жылы президенттик шайлоону ийгиликтүү  өткөрүп,  саясый - экономикалык программаларын толук кандуу иш жүзүндө аткарууга саясый мүмкүнчүлүктөрдү алышты. Эң өкүнүчтүүсү,  партиянын жогорку деңгээлдеги жетекчилери жеке амбицияларына алдырып, мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн сабырдуу боло алышкан жок. Бул саясый тирешүүлөр экономикага да таасири тийип, өтө оор жагдайды жаратты. Эки президентти бири бирине кайраштырган провокаторлорду мен кыргыз элинин чыккынчылары деп атайт элем. Анткени, маселе эки адамдын бийлик, байлык бөлүштүрүүсүндө эмес, мамлекеттин коопсуздугун, саясый туруктуулугун сактоодо  деп ойлойм.

-Атамбаевдин ишенген кадрларынын баары камакка алынганы саясий куугунтукпу же алар өч алуунун курмандыктары болдубу?

-Алмазбек Шаршеновичтин эле жактоочулары кармалып жатат деп бир беткей айтканыбыздын өзү туура эмес. Коррупция маселесинин алкагында  көп адамдарга  иш козголду. Албетте , мындай саясый чечимдерге бара алган Сооронбай Шариповичтин  эркин, кайратын баалашыбыз керек. Бирок, коррупция  чиновниктерди жазалап койсо эле  жоголуп кетпейт. Ошон үчүн  бийлик бутактарындагы паракорлукту тыюу боюнча  эрежелерди  аныктап , атайын мыйзамдар, саясый чечимдер  менен  бөгөт коюшубуз керек. Андай чара көрбөсөк,  мамлекеттин акча каражат саясаты кризиске кептелип, инвестициянын келишине чоң коркунуч жаралган жагдай күч алат.  Өкүнүчтүүсү,  мойнубузга алгыбыз келбегени менен мамлекет ошондой оор кырдаалга такалды.

-Ал кырдаалдан кантип чыксак болот?

-Социалдык - экономикалык кризистен ошол маселени түшүнгөн жана ошол кырдаалдан чыгаруунун жолун билген гана саясатчылар, профессионал адистер  чыгарып кете алышат. Бул маселени парламенттеги депутаттар да , президент да туура түшүнүп, мамлекетке, элге залакасы тийбей турган кылып туура багытта иш алып барышат  деп үмүттөнөм.

- Азыркы кыргыз саясаты боюнча кандай пикирдесиз? Сооронбай Шарипович мамлекетти туура эле багытта алып барып жатабы же чечкинсиз болуп жатабы?

 - Чынын айтсак, саясий кырдаал күндөн-күнгө татаалдап, саясатчылардын  тымызын тирешүүлөрү күчөп баратат. Бийликтегилер  регионалдык тең салмактуулукту  сактоого аракет кылышканы менен мамлекеттик иштердин аткарылуусу сапаттуу деңгээлде болбой жатат. Башкача айтканда, өкмөттүн реалдуу экономикалык кризистен алып чыгуу программасы аныктала элек . Коомчулукта да күндөн күнгө нааразычылык күч алып баратат. Көп жылдан бери чогулган мамлекеттик оор маселелерди тез арада чечүүгө мүмкүн эмес. Ошон үчүн  азырынча бийликтин ишине  баа берүү эрте.

-Президентке мамлекетти өнүктүрүү, туңгуюктан чыгаруу боюнча кандай кеңеш берет элеңиз?  

-Албетте, президент билген мамлекеттик маалыматтар жана көп маселелер бизге белгисиз. Ошондуктан себебин билбей туруп , Сооронбай Шариповичке кеңеш берем дегенден алысмын . Өтүнүч катары кайрылып, экономикага басым жасап, билимдүү адамдарды чечкиндүү түрдө өзүнүн командасына тезирээк кошуп алып, командасын элди иренжиткендерден эмес, иш билги адамдардан түптөшүн суранат элем. Антпесе, мамлекет казынасынын киреше топтоо булагы төмөндөп, социалдык - экономикалык милдетти аткаруу өтө оор абалга кептелип  калышы мүмкүн. Ошон үчүн иш билги адистерди ишке тартып, мамлекетти мына ушундай оор жагдайлардан сактап калса дейт элем.  

-Жаңы жылдан кийин күчүнө кирип, элдин кыжырдануусун жараткан кодекстер боюнча кандай пикирдесиз? Неге ал кодексти күчүнө киргизээрден мурун, кемчиликтерин эске алышкан эмес?

- Мамлекет деңгээлинде ой жүгүртпөгөн коньюктурщик чиновниктердин кабыл алып жаткан жана сунуштаган кодекстери, мамлекеттик кадр маселесинде маселе оор экенин далилдейт. Ал жазды, бул жазды. Бул кыйын, тигил шумдук деп эле кабыл ала бербей күчүнө киргизээрден мурун талкуулап, ал кодекстер элдин жашоо турмушуна дал келеби ошону карап, талапка жооп бергенде гана кабыл алынышы керек эле. Эл аралык стандарттагы сунуштарды эске алып, грант берсе эле кабыл ала берүү туура эмес. Ар бир мамлекеттин өнүгүү деңгээлине жараша өз убагында өзгөртүү киргизүү шарттары бар. Бирок, алтын калем менен жазылган кодекс болсо да,  элдин жашоо турмушун эстен чыгарбашыбыз керек. Айып пулдарды ашыра коюп, араң жашап жаткан элдин жонунан кайыш тилбешибиз керек.  Мына ушул ашыкча көп жазылган айып пулдардын өзү эле кодекстердин артыкчылыгынан кемчилиги көп экенин айгинелеп койду.

-Сооронбай Шариповичке элдин ишеними баштагыдай элеби же ал убакыттын өтүшү менен өчө баштадыбы?

- Сооронбай Шарипович мыйзам чегинде шайлоо аркылуу эл ишенимине татыктуу болуп , өтө салмактуу саясый мүмкүнчүлүккө ээ болду. Жарандар саясый - экономикалык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгын күтүп жатышат. Азырынча иш пландарды, социалдык убадаларды жарыялоо менен гана убакыт өтүп жатат . Убакыттын тез өтүп , экономиканын талаптары өсүп жатканын терең түшүнүп турат деп ишенгим келет. Ошондой эле элдин колдоосунан айрылып калбайын, ишеничин жоготуп албайын деп аракеттенет деп үмүт кылам.

- Чыныңызды айтыңызчы, президент эмнеден аксап, эмнени жөндөй албай жатат?

- Президент өтө жогорку милдетти өзүнө алып , саясий туруктуулукту камсыздоого  аракет кылып жатканын көрүп жатабыз. Бирок, президент өкмөттү иштегиле дегиче социалдык - экономикалык маселе күчөй баштады. Чегине жетип социалдык жарылуу боло электе өкмөттүн ишин жакшыртса, талапты катуу койсо болот эле. Антпесе,  азыр чечиле турган маселелер чогулуп отуруп, жыйынтыгында президентке сокку болушу  мүмкүн.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости