www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРК жетекчисинин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу келе жаткан март айында жетекчилик кызмат үчүн жаңы шайлоо өткөнү турат. КТРКнын башчысы болом дегендердин эки көзү төрт болуп чуркап жүрүшөт. Кайсы бир кызыкдар адамдар азыркы жетекчи Карыпбековду «каргап-шилеп», аны жаман атты көргөзүү менен алек.

КТРКга «алтын баштуу» адам келсе дагы Илим Карыпбековдон мыкты иштей албайт. Биздин баамыбызда бул орунга Илим мырзанын өзү гана татыктуу болуп турат. А түгүл кайра жетекчи болуп келээрин да эшиттик. Келсин, иштесин! Байкоочу кеңештин ишеними менен кайрадан экинчи ирет шайланып, жетекчилик вазыйпасын улантса неге болбосун?! Мезгил агымы менен өзгөртүү киргизген жетекчи кимге жакпасын?

Дегенибиз, Илим Майрамбекович буга чейинки мойнуна жүктөлгөн милдетти татыктуу аркалады. Ал эми майда-барат сын-пикир кайсы жетекчи келбесин айтылып келген жана айтыла берет. Аларга көңүл буруунун зарылдыгы жок эмеспи.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости