www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоңдор сол чөнтөктүн камын ойлоп жүргөндө, жашоонун айынан кары-жаш дебей чет элге агылган жарандарыбыздын аягы али токтой элек. Бирок, ал жакта эле жыргап жатышса анда сөз башка эле. Жакында он тогуз жаштагы биздин мекендешибиз Москва шаарынды иштеп жүрүп, жетекчисинен катуу токмок жеп, оор абалда ооруканга жетирилгени тууралуу кабар тарады.

Эх, укканда жүрөк канайт. Көз алдыбызга элестетип көрөлүчү, мекендешибиздин токмок жеп жатканын. Эгер билермандар тың болуп, ашыкча ичип жебеген болсо, атам тааныбаган жерде мекендештер тентип жүрбөйт эле го?

“Карга –карганын көзүн чукубайт” демекчи, орус эли да улутчул болуп, күнөөнү кайра жердешибизге оодарып коёру турган иш. Бул эми бизге жеткен бир эле көрүнүш. Ал эми жабылуу иш жабылуу бойдон калып, канча жараныбыз тилин-тишине катып жанын кыйнап жашоо үчүн кыйналып жүрөт болду экен, башка элдин токмогун жеп. “Ат бастыра албаган жолду бузат, эл башкара албаган элди узат” болуп, миллиондорду жеп көнгөн билермандар алкымды тыйганда, эл башка өлкөгө агылбайт эле да, жердешибиз токмок жеп денесинен жарат албайт болучу.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости