www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айласы кеткен "Аман Банк"

Жакында Ош облусунда кыркка чукул киши Аман банкатын алдына пикетке чыгышты. Анын себеби, Аман банктын кызматкерлери аманатка кыянат кылып, сакталган акчаларды “ап” эткизип алышып, күнөөнү катардагы эки кызматкерге жүктөп коюп, өздөрү аппак экендерин билгизүү аракетин кылышты.

Муну менен эмнени айтмакчыбыз, карапайым калкты алдай элек эми банктын кишилери эле калды эле. Кара жанын карч уруп, Россияга барып  иштеп, эки миллион сом салган келиндин акчасы Аман банка түшпөптүр, бирок анын квитанциясы бар экен, салганы тууралуу. Бул эми каратып туруп калп айтканга тете иш экенин жашырганга негиз жок. Эки кылымга жакын убакыттан бери Швецариянын банкы элди алдабай аманатка кыянат кылбай келген. Ал эми бизде минтип элди алдаган банкирлердин жоругу айтпай турган кепти айттырат.

Бизде  мыйзамдын жоктугу жана мыйзамды сыйлабагандыгы ушул эле иш аракеттен улам билинип жатпайбы? Соттор эми акчага сатылбай, элдин акчасын кайрып берсе болду. Анткен менен азыркы сотторго эч ким ишенбей калган ишенимден кетип, акчанын сөзүн сүйлөп калган.

Айтайын дегенибиз, акчаңарга сак болгула, бул заманда банкирлердин дагы пейили бузулду.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости