www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Такси жана телефон”, “Жашынмак”, “Кекеч” тасмаларында роль жаратып, тал чыбыктай ийилип, чыгыш бийин чимириле бийлеген ажарлуу айым Айнура Чанчарбаева бүгүн бизде мейманда.
-- Айнура айым, алгач акыркы жаңылыктарыңыз менен бөлүшсөңүз?
-- Акыркы убакта чыгармачылыкка басым жасап, ар кандай келишимдердин негизинде чет мамлекеттерге көп чыга баштадым. Ошондой эле тасмага тартылууга дагы сунуштар түшүп жатат. Азырынча убакытым тар болгону менен алдыда актёрдук чеберчилигимди өстүрүүгө ынтызармын. Учурда режиссура жаатында дагы билим алуудамын. Буюрса, келечекте даректүү тасма тартууга дилгирмин. Өзүм КРСУнун экономика багытында билим алгам. Москва шаарына барып, бир жыл кесибим менен иштеп келдим. Ошондой эле Египет, Америка, Казакстан, Кипр, Индонезияга чейин барып фестивалдарга катыштым. Андан сырткары келишимдик негизде чыгармачылык менен Түркиянын бир нече шаарларын кыдырып, чыгыш бийин тартууладым. Эми буюрса Таиландга кеткени жатам.
-- Саякаттап жүрүп жеке жашооңуз унутта калбайбы?
-- Азырынча үй-бүлө туурасында ойлоно элекмин. Биринчи үй алууну көздөп жатам. Бирөөгө көз каранды болгум келбейт. Буюрса, турмуш туткасын кармай турган күн дагы келээр. Учурда жүрөк ээсин таба элек. Чыныгы сүйүүгө жолукканда жүрөгүм сезип, белги берет деген ойдомун (күлүп). Негизи бийлеримди жактырып, белектерин тартуулаган күйөрмандар көп эле болот. Бирок, мен белек алганга караганда белек бергенди жактырам.
-- Интернеттеги ачык кийинген сүрөттөрүңүзгө терс пикир жазып, сын айткандарды кандай кабыл аласыз?
-- Түркияда чыгыш бийин абдан баалашат экен. Бизде болсо чыгыш бийин бийлеп, бир аз ачык кийимдерди кийсең эле жеңил ойлуу кыздардай кабыл алгандар бар. Бирок, албетте, беш кол тең эмес. Бул өзүнчө искусство, чыгыш бийин түшүнгөндөр туура эле кабыл алышат. Чындыгында адамга эч нерсе жакпайт. “Бүткөн ишке сынчы көп” дегендей, кандай иш жасасаң деле сын-пикир айткан адам табылат. Андыктан мен көп маани бербейм. Өзүмдүн оюмду биринчи орунга коём. Өзгөчө социалдык тармактарда эки тараптуу пикирлерди жазышат. Алардын баарын окуганга убакыт деле жок. Жашоодо жолу жок адамдар гана башка адамдарга сын айтып, терс пикирлерди жазышат деген ойдомун. Чыныгы жашоодо жалаң жакшы нерселерге көңүл буруп, шайыр-шатман, сергек жүрсөң, жашооңда жарык болот. Жалаң терс энергия менен жүргөндөрдүн тагдыры оорлошо берет.
-- Тулку бойду бир калыпта алып жүрүү үчүн мүнөздөп тамактансаңар керек...
-- Келишим түзүп, чет мамлекетке барарда сөзсүз диета кармап, тамакты мүнөздөп ичүүгө туура келет. Ал эми бул жактан диета кармоо оор. Себеби, жакындарым жанымда болгондо эркелеп калмайым бар (күлүп). Бирок, дайыма машыгып, өзүмдү бир калыпта алып жүрүүгө умтулам. Өзгөчө балыкты жакшы көрөм. Түрлөп бышырып жеп турам. Балыкта ден соолукка пайдалуу витаминдер көп болот эмеспи. Ошондой эле таттууларды жакшы көрөм. Ал эми келбетиме агартуучу, күндүн нурунан сактай турчу бетмайларды колдонуп кам көрөм. Мага узун чачтар абдан жагат. Андыктан чачыма дагы өзгөчө көңүл бурам. Ар бир адам өзүнчө уникалдуу болушу керек деп ойлойм. Өң-келбетим, тулку боюм өзүмө жагат. Кудайга шүгүр!
-- Бүгүнкү күндө саясатчылардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
-- Азыр бизде экономика дагы, саясат дагы туруктуу эмес. Балким бул нерселер лидерлерден көз каранды. Негизи кийинки муунду билим менен сугаруу кажет. Ошондой эле жаш кадрларды өстүрүү абзел. Менимче, бизде Россия, Казакстан жана Араб өлкөлөрүндөй табигый кең байлыктар, каражаттар жок. Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттик кызматкерлер айлык маянасына нааразы болуп келишет. Жумушсуздуктун айынан чет мамлекетке мигрант болуп кеткендер дагы аз эмес. Кайсы өлкөгө барба, кыргыздарды көп жолуктурасың. Андыктан, өз өлкөбүздө жумуш менен камсыз кылышса, мигранттардын саны азаймак. Биздин жаратылышыбыз кооз. Ушул багытта туризм секторун өнүктүрсө болот. Туристердин көпчүлүгү жаратылышыбызга абдан кызыгышат.
Назима Жумаева
Булак: “Азия Ньюс”