www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенттинин администрация башчысы Саида Мирзиёеваны ажобуз Садыр Жапаров кабыл алганы боюнча маалымат тарады. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланып, маданийгуманитардык жана билим берүү байланыштары боюнча сөз болгон.
Албетте, эгерде биздин өлкөбүзгө пайдалуу аракеттер орун алса, түз карайлы. Бирок бул жерде маселе тереңде жаткандай...
Карып бараткан Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев арканды алыс ыргытып, кызы Саиданы мураскер катары такшалдырып, эмитен президенттер менен жолугуштуруп, чоң саясаттын камын көрүүдө.
Диктатурасы, камчысы катуу өзбек бийлигине эли баш көтөрө албайбы? Өз ара келишпестиктер жаралганы менен убагы келгенде кандай реакция кылышат болду экен?
Назилинде Саида Мирзиёева билимдүү, тажрыйбалуу кадр катары белгилүү. Аны эл аралык масштабда ой жүгүртө алган, деңгээли жогору саясатчы катары баалайбыз.
Бирок келечекте президентти тандоодо ачык альтернативалуу күрөш жүрсө, өзбек калкынан деле даңканы катуу ыргыган сайкүлүктөр чыгышы ажеп эмес. Ал жагын убагында көрөлү.
Асыресе, Өзбекстанда чыныгы күчтүү саясатчылар четке сүрүлөрү боюнча божомолдор жортуп келатат го?
Ооба, биз эл аралык эксперттердин баамын да эске алуудабыз... Аныгында, Кыргызстанда атасы бийликти баласына же кызына өткөрүп берүү машакаты көрүлбөйт. Мындайга эч бир башчы бара алган эмес. Айрымдары тымызын аракет кылышып, натыйжада, тилектери ташкапкан эле. Элибиз да эркиндикти, туура тандоону сүйөрү калетсиз.
Кийинки президенттик шайлоодо Садыр Жапаров же Камчыбек Ташиев чыгары алдыртан айтылып келет. Ток этер жерине келгенде, эки дос өз ара чечишип, анан аламан жарышка бирөөсү бараттыр. Бизде башка да күчтүү талапкерлердин ат салышуусуна бут тосулбайбы? Айрым дымып жаткан саясатчылар убагы келгенде билек түрүнө чыгышса керек. Мына ушул маселе олуттуу жүйө катары элдин назарына коюлмакчы...
"Азия Ньюс" гезити