www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иштетилбеген кендер мамлекетибизде көп.Таласта Бала-Чычкан кенинде 8 миллиард тонна темирдин кору жатат. Бул жерлерде тоо-кен жана металлургиялык комбинаттар курулат. Булар СКС - Талас комбинатына алынып келинип 2,5 млн тонна темир концентратынан 100 миң тонна титан, 8,5 миң тонна ванадий, 25 миң тонна кобальт алса болот.8 миң жумушчу орду түзүлүп, Талас аэропорту рекнструкцияланат. Жетим кенинде СКС -Эки –Нарын комбинаты курулат. 5 млрд тонна кенде темир 1,7 млрд т, титан 4,2 млн.т, фосфор 13,6 млн.т, ванадий 340 миң тонна, 170 миң тонна никелдин кору бар. Буларды иштетүү менен жылына 2 млрд доллар киреше алса болот. Комбинатта 4 миң жумушчу орду түзүлөт. СКС программасы бул кендерди иштетүүгө белсенип жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости