www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөйрөктө ташты пайда кыла турган азыктарды билесизби?

Дарыгер жана теле алып баруучу Александр Мясников "Россия 1" телеканалынын эфиринде бөйрөктө ташты пайда кыла турган азыктарды тизмектеп берди. 

Дарыгердин айтымында, жаныбарлардын майы жана белок көйгөйдүн пайда болуу тобокелдигин арттырат. Бирок башка азыктар бөйрөктө таштын пайда болушуна алып келет.

"Шпинат сыяктуу жашылча-жемиштер баарына пайдалуу, бирок алар канда оксалаттарды (туз жана эфир козу кулак кислоталары) көбөйтүп, таш пайда кылышы мүмкүн", – деген Мясников.

Дарыгер ченеми менен ичкен кызыл шараптан башка алкоголдук ичимдиктер бөйрөктө таштын пайда болушуна алып келиши мүмкүн экенин баса белгилеген.

Жалпы эрежелер жөнөкөй экендиги, мүмкүн болушунча суюктук ичүү жана таштын кандай экенине көңүл буруу зарылдыгы айтылган.

Адис тузду пайда кылган натрийден алысыраак болууну, белок менен майды азайтыш үчүн этти да тарта жегенге кеңеш берген.

Адис жашылча, мөмө-жемиштер, балык жана сүт азыктары бөйрөктө таштын пайда болуу коркунучун азайтууга жардам берерин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости