www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда мигранттардын саны пандемияда кыскарды

Россияда мигранттардын саны азыркы күндө алты миллионго чукулдайт. Мындай маалыматты РФтин Ички иштер министрлигине таянып чет элдик маалымат булактар жазды. 

Министрлик адатта бул көрсөткүч 11 миллионго жетиши мүмкүн экенин белгилеген."Россия Федерациясына жыл сайын 9 миллиондон 11 миллионго чейин чет элдик мигранттар келип кетишет. Быйыл алардын саны акырындап кыскарды. Бүгүнкү күндө 6,3 миллионду түзөт. Ошол эле учурда миллионго жакын адам убактылуу жашап турууга же жашоого уруксат алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме ошондой эле каттоого алынган эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү патент менен иштеп келерин кошумчалаган.

"2020-жылдын 1-ноябрына карата Россияда патенттин негизинде 1,3 миллион чет элдик жаран иштеп жатат, 85 миң мигранттын иштөөгө уруксаты бар. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин жарандары менен 368 миң эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн", — деп белгиледи ИИМ.

Мындан тышкары, Россиядагы чет элдик жарандардын көбү ири шаарлардагы жана экономикалык борборлордогу эмгек мигранттары экендиги айтылат.

Булак: NazarNews.kg



 

 


 

Последние новости