www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2018-жылы февралда “Жаны доор” Коомдук кыймылы тарабынан жактырылган
Ушул Концепция, өлкөнүн абсолюттук баалуулугу болгон элдин тынчтыгын жана жыргалчылыгын камсыздаган экономикалык реформалардын комплекси аркылуу өлкөнүн инфляция жана кризис болбогон туруктуу өнүгүүнүн концептуалдуу жолдорун чагылдырат.
Өлкө эгемен болгондон кийин кыргыздын жаңы бийлиги социалисттик пландуу экономиканын баркына жетпей кесирленип, андан негизсиз толук баш тартып, атайын рыноктук билими же тажрыйбасы жок туруп, экономика модельдерин салыштырып, айырмасын терең изилдеп анализдебей, батыштын таңуулоосу менен капиталисттик жөндөлбөгөн либералдык рыноктук жапайы мамилелердин стихиясына жол беришти. Азыркы бийлик да инерция менен адашкан жолдон чыкпай, бир полярдуу монорынок экономикасын туу тутуп карманып, эл жумушсуз жакырланып кыйналып келе жатат.
Өлкөнүн өнүгүүсүнүн жана жалпы элдин бакубат жашоосунун негизи болгон коомдук мүлк таланып-тонолуп, орду түбү менен жок болду. Ишканалар атайын банкрот кылынып, согуш апааты же табият кырсыгы жок эле тыптыйпыл жок кылынды. Айыл чарбасы көптөгөн майда дыйкан чарбаларга бөлүнүп, аларды мамлекет жалпы жөндөп башкара албай калды.
Эл, жумуштан массалык түрдө кыскартылып же түз эле жалпысынан көчөгө айдалып салынды. Жумушсуздук элдин жакырланышына алып келди. Элдин эмгекке жарамдуу активдүү бөлүгү - жаштар жумуш издеп дүйнө кезип тентүүгө мажбур болду, а мамлекеттин аларга жумуш берип, аларды мекенге кайтаруу планы да жок.
Элдин бузулган мыйзамдуу эмгек укуктарын коргоодон жана алардын таламын талашуудан бийлик да, профсоюздар да четтешти. Эл, буга аргасыздан араң чыдоодо.
Коом түп тамырынан өзгөрүп, коррупциялык зор капиталга ээ болгон олигархтарга, жалданып же өзүнчө иштеген эмгекчилерге жана жумушсуз жакырларга ажырап, ал эми алардын арасындагы мүлктүк чоң айырма элди бай-кедейге бөлдү.
Мамлекеттик ишкана, өлкөнүн стратегиялык, коргонуу жана экспорттук багыттагы өндүрүштүк ишмердигин жана мамлекеттин ички керектөөлөрүн канааттандыруу милдетин аткарган анын өздүк түзүмү болуп, аны менен рыноктук мамилелери жок эле түздөн-түз экономикалык байланышта болууга тийиш. Аларга да таратылган тендердик сатып алуу тартиби жүгүртүү каражаттарынын айланышын узартып, өндүрүштүн ыргагын жок кылды.
Союздук деңгээлде экономикалык тыгыз алакага ээ болгон камак мекемелеринин чарба-лык эсептеги ондогон кубаттуу өндүрүшүндө миңдеген соттолуп камалгандар иштеп, алардын көбү ак эмгеги менен оңолуу жолуна түшүп, өзүн жана үй-бүлөсүн багып, өз мекемелерин да каржылап, коомго жана башка адамдарга жасаган кылмышы менен келтирген зыянын төлөп, мамлекетке да киреше киргизип чоң пайда келтиришчү. Эмгек, камалгандар үчүн бекем режимдик тартип чарасы жана аларды социалдык реабилитациялоонун мыкты каражаты. Бирок, камак өндүрүшүн менчиктештирүү каралбаса да жок кылынып, камактагыларды кармап, кайтарып багуу бюджеттин эсебине өткөрүлдү. Сокур, дүлөй жана дудук майыптар-дын өндүрүшү мамлекеттик колдоодон ажырап, алар аз пенсиясы менен оор абалда калышты.
Мамлекет, бардык социалдык жана саясий көйгөйлөрдүн чордону болгон жумушсуздук-ту жана анын түгөйү жакырчылыкты жоюуну инвесторго же жеке бизнеске жүктөбөй, аларды улуттук деңгээлде жоюуга өзү гана милдеттүү. Бирок, колунда жетишерлик күчтүү экономикалык базиси болбогон араң жан алсыз жана бечел мамлекет, жумушсуздукту жана жакырчылыкты жоюуга кудурети жетпейт. Дүйнөдө соода экспансиялык саясат, экономика-лык кризистер, экологиялык, эпидемиологиялык жана башка көп факторлор экономикага терс таасир тийгизип турат. Алардын негативдүү таасирин өнүккөн кубаттуу өлкөлөр анчалык сезбейт, ал эми биздин Кыргызстанга окшогон чакан, өз экономикасы алсыз, тышкы чоң карызы бар өлкөлөр өтө сезгич келип, алардын суверенитетине реалдуу коркунуч туулат.
Өлкөнүн ички дүң продукциясынын (ИДП) жан башына өндүрүү көлөмү эгемендикке чейинки деңгээлден көп эсе төмөн түшүп кетти жана бүгүн анын өсүшү да байкалбайт.
Экономика, мамлекеттин коопсуздугун, көз карандысыздыгын, саясий туруктуулугун, кыйын кезеңде жашап кетүү жөндөмүн жана тагдырын аныктоочу фактор болуп саналат.
Биз рынок экономикасын карманууга милдеттүү эмеспиз, ага өлкөнүн абсолюттук баалуулугуна ылайык социалисттик планду өнүгүүнүн эффективдүү альтернативасы бар.
Мамлекеттин колунда элди жумуш менен толук камсыз кылып, анын бакубат жашоосу үчүн илим менен техниканын алдыңкы жетишкендиктерине таянган, жогору өнүккөн жана жакшы уюштурулган, экономиканын маанилүү позицияларын камтыган, мамлекеттик сектор формасындагы күчтүү экономикалык базиси сөзсүз болуусу зарыл.
Маселенин өзөгү - өлкөнүн туруктуу ички керектөөсүнүн олуттуу бөлүгүн ата-мекендик өндүрүштүн, биринчи кезекте мамлекеттик сектордун продукциясы, анын ичинде импортту алмаштырган товарлар менен толугураак канааттандыруу, экспортту өнүктүрүү, айрым реэкспорттук товарларды да өзүбүз өндүрүп (локализация), аларды экспорттук товарга айландыруу менен мамлекет Улуттук экономиканын өндүрүшүн ыкчам түптөп, ички жана тышкы капиталдын көз карандылыгынан толук чыгуусу зарыл.
Экономикалык модельдердин кыскача мүнөздөлүшү
Рынок экономикасында өндүрүш каражаттары жеке менчикке таандык болуп, ага гана кызмат кылган модель. Мында, ишкердикке жөндөмдүү, каражаты жана шарты бар адамдардын потенциалы активдешет. Товарлардын жана кызматтардын сунушу, алардын баасы жана сапаты рынокту маркетингдик изилдөө менен жана конкуренция шартында эркин түзүлүүгө тийиш. Бирок, бизде иш жүзүндө ишкерлер мамлекеттик кызматчыларды паралап корупция менен товарларын мамлекетке начар сапатта болсо да кымбат баада конкуренциясыз сунуштайт. Ишкерлер, адамдардын эмгек акысын өөнөп, продукциясынын өздүк наркын көмүскө кармап, кирешесин азайтып жашырып, алар салыкты ж.б. милдеттүү төлөмдөрдү толук төлөбөйт.
Рынок экономикасы жумушсуздукту, бааларга кошулган кошумча нарк баалардын туруксуздугун, инфляцияны же дефляцияны жаратат. Рынок экономикасында сатыкка чыгарылган керектелүүчү товарлардын көптүгү, бул товарды ашыкча өндүрүү (перепроизводство, перегрев экономики) кризисинин айныксыз белгиси болуп, молчулуктун иллюзиясын жаратат. Рынок экономикасында коррупция жана көмүскө экономика, социалдык адилетсиздик жана теңсиздик кеңири тараган көрүнүш болуп, элдин бийликке болгон нааразылыгы жана өлкөдө саясий туруксуздук болуп турат.
Рынок үчүн аёсуз күрөш, элди тажаткан рекламага, өз-ара экономикалык санкцияларга жана жалпы чектен чыккан соода согуштарына же аскердик согуштарга алып келет.
Олигархтар бийлик менен коррупциялык жол аркылуу оңой тил табышып же байлыгы менен өздөрү бийликке келип, олигархтык азчылыктын үстөмдүгү орнотулат. Айрым стратегиялык, коргонуу ж.б. маанилүү экономикалык багыттарды ээлеген олигархтар өзүнүн таламдарын мамлекетке таңуулаганга жетишет. Менчик ээлери, бизнестен пайда чыкпаса, өндүрүштөрүн кыскартып же жаап салышат.
Пландуу экономика, өндүрүш каражаттары мамлекетке таандык болуп, товарлардын жана кызматтардын көлөмү, кардарлардын суроо - талаптарына барабар теңделип өндүрүлгөн, коомдо социалдык - экономикалык кризис жана инфляция болбогон, мамлекет тарабынан жөндөлгөн коомдук өнүгүү модели.
Пландуу экономика, өзүнүн субьектилериндеги туруктуу экономикалык байланышы, өзүн-өзү автономдук пландуу камсыздоо режими, туруктуу жана бекем баалары менен инфляцияга жана кризиске туруктуу келип, коррупцияга бекем бөгөт коёт.
Пландуу экономика, социалдык багыттуулугу менен жумушсуздарды жумуш орундары менен даректүү камсыздап, жумушсуздукту минималдаштырат же такыр жоёт. Ресурстар рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланылат. Ишканалардын кубаттуулуктары толугураак жүктөлүп, экономика жанданат, бирок ашыкча өндүрүү кризиси жаралбайт. Салыктын жана төлөмдөр базасы кеңейип, толук төлөнөт. Мамлекеттин жана элдин кирешеси көбөйүп, алардын керектөө суроо-талабын жана төлөө жөндөмүн кеңейтет. Бул ички рыноктун сыйымдуулугун көбөйтүп, өндүрүштүн өсүүсүнө түрткү берет.
Пландуу экономикада мамлекеттик секторго мамлекеттик ишканалар, артельдер жана мамлекет түзгөн кооперативдер (промыселдик, айыл чарбалык) кирет.
Пландуу экономика ресурстарды улуттук долбоорлорго жумшоого жана чоң чарбалык маселелерди эффективдүү чечүүгө жөндөмдүү болуп, айрыкча экономикалык оор кризис жана согуш мезгилинде мамлекеттин көз карандысыздыгын жана коопсуздугун экономикалык камсыздап сактап калуу касиетине ээ.
Пландуу экономика, айрым пайда келтирбеген ишканалардын, бирок алардын продукциясы өлкөгө, элге керек болсо, алардын пландуу чыгымдуулугуна жол берет.
Пландуу экономика көп өлкөлөрдө (СССР, Франция, Финляндия, Норвегия, Бельгия, Кытай, Индия, Вьетнам, Куба, Түндүк Корея ж.б.) мезгилдин сынынан ийгиликтүү өткөн.
Дэн Сяо Пиндин рыноктук социализм жолу жана Кытайдын Сталиндик экономиканы реформалоо министрлиги, ушундай чоң өлкөнүн жогорку өсүү темпин туруктуу камсыздоодо. Президент Ф.Рузвельт экономиканы мамлекеттик жөндөө аркылуу АКШ ны өткөн ХХ-кылымдагы Улуу депрессиядан алып чыккан.
Россияда 2007-жылдан бери мамлекеттик капитализм деген ат менен миңден ашык эң ири өнөр жай ишканаларын, ИИИ, конструктордук бюролорду жана татаал жана жогорку технологиялык продукцияларды иштеп чыгуучу жана өндүрүүчү уюмдарды бириктирген мамлекеттик корпорациялар түзүлө баштады. Россияда импортту алмаштыруу иши жолго коюлуп, мамлекет өлкөнүн бардык өнөр жай потенциялынын жарымын көзөмөлдөйт.
Биз, Совет өлкөсүнүн эл чарбасынын өсүү темпин 30 % га чейин жеткирип, граждандык жана Улуу Ата-Мекендик согуштардын жеңишин, алардын кыйроолорун бат ордуна келтирүүнү камсыздаган, кансыз согушка жана жарыша куралданууга карабастан, артта калган агрардык алсыз Россияны индустриялдык зор күч кубаттуу ядролук жогорку державага, анын ичинде мал багып тиричилик кылган Кыргызстанды феодалдык түзүлүштөн индустриалдык социалисттик республикага айланткан, мамлекеттик жана жеке сектордун өндүрүштөрүн кынаптап айкалыштырган Аралаш экономиканын социалисттик өнүгүү жолуна кайрадан түшкөнүбүз гана туура. Мындай өсүү темпине учурунда “экономикалык укмуш”- делген Япон модели да (өсүү темпи 15%) жеткен эмес.
Өлкөнү узакка созулган жана алсыраткан оор кризистен жаңы Улуттук экономикалык саясат - “Көп түрдүүлүктүн биримдиги жана бүтүндүгү (комплементардык)”- принцибинде пландуу жана рыноктук экономикалык модельдери бирге катышкан, ишмердик сфералары жана көлөмдөрү илимий-практикалык негиздеги пропорцияда так аныкталып, чеги мыйзам менен бөлүнгөн Аралаш экономика модели гана чыгара алат!
Аралаш экономика - эң жогорку экономикалык өсүштү жараткан эффективдүү модель. Социалисттик пландуу жана капиталисттик рынок экономикаларынын ишмердик сфералары так ажыратылып чектелсе, алар бири-бирине каршы келбейт, тоскоол болбойт. Тескерисинче, алар өз-ара бири биринин кемчиликтерин жоюшат. Өндүрүштүк мамсектор жумушсуздукка жана инфляцияга жол бербейт, а жеке сектор мамсектор камтыбаган позицияларды (люфт) камтып жана толуктап, товардык жана кызмат көрсөтүү дефицити жаралбайт.
Эмне кылуу керек?
Эң оболу, Өкмөт өлкө экономикасын жандандыруу чакан тобун түзүп, аларга керектүү алгачкы документтерди иштеп чыгууну жүктөөгө тийиш.
Өкмөттүн экономикалык ишмердиги жеке бизнеске көз каранды болбогон, мамлекеттин керектөөлөрүн ата-мекендик өндүрүштүн товарлары менен канааттандырууга багыт-талган, жалпы калкты социалдык коргоого алган, мамлекеттик ишканаларды тикелей башкарып, ага активдүү жана позитивдүү таасир эткен жөндөөчү мүнөздө болуп, түзүмү пландуу экономиканын милдеттерине ылайыкталган органдарды камтууга тийиш.
Мамлекеттик пландоо комитети (Мамплан)- өлкө экономикасын координациялоочу негизги борбордук мамлекеттик орган болуп, мамлекеттик монополия саясатын жүргүзөт, экономиканы анализдеп пландайт, өндүргүч күчтөрдү жайгаштырат, монополиялык товарлар-га эмгек ченемдерин жана калькуляциянын негизинде алардын сатуу бааларын бекитет. Мамплан, экономиканын маанилүү позицияларынан, биринчи кезекте импортту алмаштыруучу жана экспорттук багыттагы товарларды камтыган мамлекеттин төлөөгө жөндөмдүү керектөө суроо-талабына ылайык барабар теңделген өндүрүштүн товардык сунуштоо балансын түзөт:
Керектөө суроо-талабы=Өндүрүштүн сунуштоосу же: мамлекеттик сатып алуулар планы= мамлекеттик өндүрүштүк планы
Сунуш, өлкөгө катуу валютанын келишин көбөйтүүгө, анын өлкөдөн чыгышын кыскартууга же болбосо тышкы сооданын оң сальдосун камсыздоого тийиш. Керектөө суроо-талаптын позицияларынын белгилүү бир көлөмүнө мыйзамдын негизинде мамлекеттик өндүрүштүк монополия макамы ыйгарылат. Мамлекеттин монополиялык ресурстук керектөө позициялары жана реэкспорттук товарлар ата-мекендик өндүрүштөн, биринчи кезекте мамлекеттик сектордо өндүрүлөт жана аларды чет өлкөлөрдөн сатып алууга тыюу салынат. Калган позицияларды өндүрүү үчүн жеке менчик ишканаларга жана артельдерге өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнө карай конкурстук негизде укуктук лицензия берилет.
Монополиялык ресурстарды өндүрүүнүн өздүк наркын аныктоо жана алардын конкурен-цияга туруштук берүүгө жөндөмдүү сатуу баасын коюу тартиби мыйзам менен аныкталат.
Аралаш экономика модели мамлекеттик Өнүгүү планы аркылуу жүзөгө ашырылат. Өкмөт, өлкөнүн Негизги өнүгүү багыттарына ылайык узак (5 жыл) жана кыска (1 жыл) мөөнөттүү мамлекеттин Өнүгүү пландарын түзүп, алар мыйзам менен бекитилет.
Өнүгүү планын аткаруу Өкмөттүн, мамлекеттик тармактык жана жергиликтүү органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ыйык милдети болуп, алардын ишине баа берүүчү негизги критерий болуп калат.
Жалпы пайдалануудагы керектелүүчү товарларды борборлоштуруп даярдоо, алар менен камсыздоо жана аларды сатуу атайын адистештирилген мамлекеттик Даярдоо-камсыздоо-соода комитетине (Даярком) жүктөлөт, ал эми ар бир тармакка гана мүнөздүү товарлар менен камсыздоону тармактык Даярдоо-камсыздоо департаменттери жүргүзөт.
Даярком ресурстарды: 1) мамлекеттик буюртма менен мамлекеттик ишканалардан, тендер менен жеке сектордон, артельдерден жана чет өлкөлөрдөн борборлоштуруп даярдайт; 2) мамлекеттик керектөөчүлөргө бөлүштүрөт жана аларды камсыздайт.
Керектөөчүлөр, Өкмөт бир жылга белгилеген сумманын чегинде чукул жана майда-барат керектөөлөрүн тендерсиз эркин сатып ала алышат.
Монополиялык товарларды өндүрүүнү өздөштүрүү - жеке менчик өндүрүшкө зыян келбегендей кылып, суроо-талабы көп, аз чыгым менен бат өздөштүрүлүүчү, жогорку рентабелдүү импортту алмаштыруучу жана экспорттук позициялардан башталат.
Экономиканы каржылоо. Ата-мекендик экономиканы кайрадан жаратууга биринчи кезекте мамлекеттин бардык ички резервдери, анын иштеши үчүн мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн каражаттар жана жаңы ишканалардын пайдасы кайрадан өндүрүштү кеңейтүүгө (расширенное воспроизводство) жумшалат. Ички резервдердин жетпеген бөлү-гүнө барабар суммада ички эсептешүүлөр үчүн убактылуу пайдаланууга Улуттук Банк сом менен акча эмиссиясын жасайт. Атайын инвестициялык банк мамлекеттик ишканаларга сом менен узак мөөнөткө минималдуу 0 дөн 3% га чейин ставкадагы кредиттер менен камсыздайт. Кредитти эмгек акы төлөө фондунан башка ишке накталай акчага айлантууга болбойт. Ишканалар кредиттерди төлөп, жумшалган ички резервдер кайтарылгандан кийин, эмиссияланган суммадагы акча жок кылынып, жүгүртүүдөн чыгарылат.
Бул сунушталган радикалдуу жана комплекстүү экономикалык реформалар, өлкөнүн өнүгүүсүнө бөгөт болгон масштабдуу жана терең, бири-бири менен тыгыз жана бекем байланышкан жагдайлардан бошотуп, өлкөдө жумушсуздуктун кескин кыскарышын же толугу менен жоюлушун, аны узакка созулган оор кризистен чыгышын камсыздайт!
Булак: NazarNews.kg