www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин биздин гезитибизге акылдуу иттердин ар кандай окуялары тууралуу көптөгөн материалдар жарык көрүп келди. Табияттын табышмактуу окуяларына мээ калчап көрсөң дегеле акылың жетпейт. Ооба, үй жаныбарларынын баарынан ит адамга жакын болот эмеспи. Ити бар үйгө уурулар да оңою менен кире алышпайт. Алар жакшы короочу келип, кожоюнунун үйүн да, короосун да жакшы кайтарышат. Бейтааныш кимдир бирөө келсе тим эле жаны калбай арсылдап үрүп бирөө келгенин билгизип белги берип турат.
Үй жаныбарларынын эң эле ишенимдүүсү, акылдуусу, кожоюнуна берилгендиги, кароолчулугу, амалдуулугу жактан башка жаныбарлардан өзгөчөлөнөт. Кожоюндарын өлүмдөн, кырсыктан сактап калган көп эле иштерди көрүп атпайбызбы. Андай окуялар гезитибизге көп эле жарыяланды. Өзүнүн ээсине ушунчалык жан-каны менен берилген иттер да бар. Буга бир мисал келтирип кетейин.
Мен анда төртүнчү класста окуп жүргөн мезгилим болчу. Кошунабыз кыздуу болуп чоң той беришкен. Ошол кезде биздин кандегибиз да тууп, бирок күчүктөрүнүн баары өлүп бир эле күчүгү калган. "Бул күчүктү биз багып алалы кызыбыз экөө бир күндө жарык дүйнө көрүшпөдүбү" деп кошунабыз алып алган. Анын жаңы төрөлгөн кызын алар Жазира деп коюшкан. А күчүктүн атын ага үй каштырып Хазира деп коюп коюшуптур. Албетте адегенде бул бизге күлкүдөй эле сезилип атты. Бирок бара-бара көнүп кеттик.
Биздин көз алдыбызга Жазира менен Хазира экөө бирдей чоңоюшту. Кийинчирээк алиги кандек күчүк биздикинен да кабанаак, кароолчу болуп чыкты. Үйүнүн жанынан өтүп калсаң тим бастырбайт үрүп. Үйүнө жакын келе жаткан кишини тээ алыстан эле көрүп үрүп чыгат. Тим эле арсылдап үрүп, бутка жабышканын кантесиң. Тебейин десең тептирбейт, таш алсаң качып кетет да кайра ажылдап келет. Союл шилтесең чаптырбай буйтап кетет да кайра ого бетер күчөйт.
Кипкичинекей болуп алып анын шамдагайлыгын кантесиң тим эле. Элдин баары эле кошунабыздын кандек итин сөз кыла беришчү "үйүнө киргизмек түгүл үйүнүн жанынан өткөрбөйт" дешип. Чындыгында ал кошунабыздын үйүн аябай кайтарчу, ууру түгүл жөнөкөй эле кишилер кире алышчу эмес.
Ал Жазира менен чогуу чоңойду. Жазира там-туң басып калганда кандек күчүк да анын жанынан карыш чыкчу эмес. Экөө бири-бирин кадимкидей түшүнүшүп ойной беришчү. Кошуналарыбыздын башка иттерине салыштырганда ал көпкө жашады.
Жазира он экиге чыкканча анын жанынан чыкчу эмес, экөө дээрлик жашташ болчу. Үч-төрт эле саат айырмасы. Адегенде Жазира төрөлдү, кечке жуук биздин күчүктөр туулушкан. Кандек иттердин канча жашка чейин жашаарын билбейм, эгерде кырсык болбогондо ал дагы канчага чейин жашайт эле ким билет?
Көчөбүздө кайгылуу окуя, кырсык болуп кетти. Өзүбүздүн көчөдөн эле Жазираны катуу келе жаткан машина уруп кетти. Айдоочусу өзүбүздүн эле айылдык жигит болчу. Убакыт кечке маал эле, ичикке оронуп алып уктап жаткам. Машиненин "чыйк" деп тормозду тепкенин, анан аялдын ачуу кыйкырган үнүн угуп ордумдан атып турдум. Көчөгө чыга калсам Жазиранын энеси менен эжеси айдоочуга жулунуша эл ортого түшүп ажыратып жатышыптыр.
Кызы жаш болсо да кадимкидей боз үй тигип, ырым-жырым менен коюшту. Кандек ит үч күн бою эле бизге да, башкаларга да тынчтык бербей, уйку да бербей уулуп туруп алды. "Чык ай жарыбагыр, бул эмнеси!" дешип эл кубаласа болбой койду. Жазиранын сөөгүн коюп ызы-чуу болушкандар кандекке көңүл деле бурушкан жок. Арадан төрт-беш күн өткөндөн кийин гана аны издеп калышты.
- Баса, алиги кандек каякка кеткен?
Анткени кошуналардын бири да иттен чочулап Жазиранын үйүнө кире алышчу эмес. Эмнегедир ал иттен дайын жок тыптынч. Чындыгында аны издегенге да чамалары келген эмес.
Жазираны кандай жайына тапшырышты, алиги кандек ит дагы ошол боюнча табышмактуу дайынсыз жоголду. Кийинчерээк үй ээси баш болуп, балдары бүт аны атайын издеп дагы таба албай коюшту. Баарынан таң калычтуусу, экөө бир эле мезгилде төрөлүшүп, анан бир мезгилде кайра жок болушту. "Карачы кандек да көздөн кайым болуп кетти. Экөөнүн жаны бирге болуш керек, тигил оо дүйнөгө кеткенде аны менен чогуу жүргөн ити да кошо соңунан ээрчип кетти" деп айылдаштар бир топко чейин сөз кылып жүрүштү.
Булак: «Шамбала»