www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул окуя таптакыр эле эсимден чыгып кеткен. Оо андан бери канча мезгил өттү. Бир жолу айылга барып ошол сарайдын жанынан жеңил машине менен өтүп баратканда, кокусунан оюма кылт этип түшүп кетип атпайбы.

Ооба, бир күндө эле эки окуя болгон, баары эсимде, өткөн кылымдын жетимиш сегизинчи жылдары эле. Армияга мына-ана чакырылам деп, Мекенге кызмат өтөгөнгө даярданып аткам. Кыш соңуна чыгып, Кочкор району боюнча бардык жерлерде туут кампаниясы сакмал башталган. Кышында Кочкордо дегеле кар жатпайт, ошондуктан бардык мезгилде жерди кара топурак басып, "Кара Кочкор" деп аталса керек. Кочкордун Теңдик айылынан сарайда туут кампаниясы жаңыдан өткөрө баштаган, чабан болуп иштеген Качкын таякемдин үйүнө жумуштар менен жөнөп калдым. Ал кезде каяктагы машине, кошунанын атын алып күн жаңыдан батып баратканда чыккам. Таякемдин сарайы бир топ чакырым алыс, тоо арасында болгондуктан атыңды жай бастырып барсаң бир саатта араң жетесиң.

Айылдан узап тоого жакындай бергенде айлана акырындап күүгүмдөнө баштады. Атымды жай бастыра тоо аралап кетип бараткам. Күүгүмдө атымдын чаңынын жай өйдө карай көтөрүлүп баратканы эле көрүнөт. Бир маалда эле кокусунан козунун маараган үнү кулагыма "шак" дей түштү. Башымды көтөрө айланама көз чаптырдым, менден он чактыдай кадам алды жакта аппак болгон козу жатыптыр. Улам-улам маарап коет. Энеси барбы деп тегерекке көз чаптырсам эч нерсе көрүнбөйт. Жападан жалгыз эле экен. Топтон адашып, бөлүнүп калып калганбы деп ойлоп, аны өзүм менен кошо алып алууну чечтим. Аппак кичинекей козу, аны көтөрүп атка өңөрмөй болдум. Көтөрөйүн десем оордугун айтпа, тим эле салмагы чоң, семиз ириктей. Бышылдап-күшүлдөп кайра-кайра убараланып жатып араң дегенде аттын ээрине арта салдым. Ат чукчуруна туйлап жиберди. Өзүм арт жагына миндим да атка акырын камчы салдым, ал баспай атып араң ордунан козголду. Сарай-га жетиш үчүн бир топко чейин өйдө карай өрлөп жүрүп отурасың. Бир кезде ат бизди көтөрө албай, баса албай тердеп чыкты. Анан ордуна токтоп калды, камчы салсам чукчуруна кайрадан басыгын улантты. Ошондо кокусунан оюма бир нерсе кылт этип түшүп кетти да, "бул ургаачы бекенби же эркек бекенби?" деп анын жыныс мүчөсүн

текшергим келип, козунун куйругун көтөрө төмөн жагына көз жүгүрттүм. Козу башын көтөрө мени жаман көзү менен бир карап алды да, ээрден жулкунуп жерге секирип түшүп кетти да, дароо көздөн кайым болду. Айланамды карап жер сыйпалап таппай калдым. Эч жерде жок, көрүнбөйт. Бир нерседен чочулай атыма камчы салдым, жанатан бери араң басып келаткан атым зуулдап коё берди.

Таякемдин сарайына айланага караңгы кирип калганда араң жеттим. Анын үйү сарайга уланып кеткен чоң бир бөлмөлүү үй болчу. Үйдө чоочун кишилер бар экен, чырактын жарыгы менен бир жерге кыркалекей отуруп, чокчо сакалчан киши баян куруп, сүйлөшүп атышыптыр. Бурчтагы очокто казанда эт буркулдап кайнап жатат. Алар менен бир сыйра амандашып алган соң, таякемдин мен курдуу балдарынын жанына отура кеттим. Көп өтпөй эт желип бүтүп жатууга кам ура баштадык. Сарайга уланган бир бөлмөлүү үй таштан тургузулуп, ичи-тышы баткак менен шыбалыптыр, бирок ичи жылуу. Улуу кишилер төргө жатып, мен болсо босого жактагы очоктун жанынан орун алдым. Очоктун ысык илеби кадимкидей бетиме уруп турду. Эртеден бери бакылдашып сүйлөшүп аткандардын заматта үндөрү басылып, чырак өчүрүлүп, айлана тунжурай түштү. Биринин артынан бирин сокур молдо жетелеп четинен уйкуга кире башташты. Кээ бири коңурук тартканга да өтүштү. Акырындап өчүп бараткан очоктун чоктору кадимкидей айланага жарык берип турду. Уктай албай түйшөлүп жаттым, уктап жаткандардын кээ бири өзүнчө күңгүрөнүп сүйлөнүп аткандары да угулууда.

Уктай албай канча жатканымды билбейм. Бир маалда эле эшиктен бойлору жапалдаш, чачтарын саксайтып узун кылып коё берген жаш балдар, кишилер, аялдар ызы-чуу түшүшө үйгө кирип келишти. Бирөөсү очоктун жанына барып отту алоолонто жакты, казандын капкагын оңдоп жаап койду. Менин ойгоо экенимди байкашкан жок. Балдары ызы-чуу түшүшүп өздөрүнчө ойноп жатышты. Аялдарынын эмчектери салаңдап курсактарына жетип турат экен. Бирөөсү сырттан

отун ташып келип очокко улам ыргытып коёт. Очок алоолонуп күйдү, Үйдөгүлөрдүн эч нерсени сезбей магдырап уктап жатышканына, булар өздөрүнчө бул үйгө кожоюн оолуп, каалаганын кылып атышканына таң калдым. Сыягы, булар мурда деле түндөсү келип жүрүшсө керек.

Анан отту алоолонто жагып атканы бир маалда мени жалт карады эле, экөөбүздүн көздөрүбүз тиктеше түштү. Ал жанында турганына кайрылды.

- Тээ тигил жерде жаткан кишини көрдүңбү, ал бизди көрүп турат. Мобул кызыл жыгачтын чогу менен барып эки көзүн чукуп ташта, сокур болуп көрбөй калсын. Жанында тургандагысы мени жалт карап алды да, очокто күйүп аткан узун жыгачты сууруп алды. Анын башы кыпкызыл чок болуп туруптур. Кыпкызыл болуп күйүп турган башын мени карай буруп мага жакындап келатты. Мен жан-талаша кыймылдайын десем, дегеле денем адага баш бербей былк этпейт. Кызыл чок көзүмө жакындап келатты, бир кезде чыдай албай болгон күчүм менен бакырып жибердим эле, ойгонуп кеттим. Жанымдагылардын бардыгы заматта көздөн кайым болуп кетишти. Очок эбакта эле күйүп бүтүп өчүп калыптыр. Менин ачуу кыйкырыгыма жанымдагылар да ойгонуп кетишип "эмне болду?" деп сурашты. Мен болгон окуяны айтып берсем, таякем "эч нерсе эмес, ээн жерде мын-дайлар боло берет, андан көрө дуба кылып жат" деп бир канча дубаларды үйрөттү. Ошондон кийин тынч уктадым.

Оо андан бери дээрлик отуз сегиз жыл өтүптүр. Тамтыгы кетип чалдыбары чыккан сарайга бир көз жүгүртүп койдум. Сыягы, бул жерде эч ким жашабаса керек. Алиги түндөгү менин көзүмө көрүнгөн макулуктар эми бул жерге толук кожоюн болуп, сайрандап жүрүшөбү деп ойлоп койдум ичимден. Ошол тамтыгы чыгып, үстү түшүп, урап калган сарайдан улам алыстап кетип бараттым.

Эмил КОЖОГУЛОВ, Кочкор райоку, Тецдик айылы

Булак:   Шам бала

Последние новости