www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул буюм анча көрктүү болбосо да, өтө эле эски болсо да бүгүнкүгө чейин аны ыйык тутуп аманат катары сактап келем. Ооба, бул аманат буюм болчу. Күтүлбөгөн жерден "Чоң атаң кайтыш болду" деген суук кабар келди. Нарын шаарынан Кочкордогу Чолпон айылына шашылыш жөнөп кеттим.
Чиркин, жакын адамдан айрылуу аялуу буюмуңду жоготкондой аянычтуу болоорлугун ошондо сездим. Жан дүйнөм эңшерилип, өмүр бою жакын тутуп келген адамымды жоктоп, ичимден кан өтүп турду. Чоң атам да мени өзгөчө жакшы көрчү. Акыры сөөктү жайына коюп, келген эл тарап, үйгө кайтчу учур да келип жетти. "Мына бүгүн шаарга кетем" деген күнү эртең менен чай ичилип, куран окулган соң атам менин жаныма келди.
-Уулум, мына сен да чоңоюп аркы-беркини түшүнүп калдың. Өлүм ак. Эми чоң атаңды кайра кайрып алалбайбыз. Жарыктык киши сени неберелеринин ичинен өзгөчө жакшы көрчү эле. Өлөөрүндө жакшы эле күттү. Бирок кабар жетпей кечигип келдиң. Чоң атаңдын сага калтырган мурасы, аманаты мына мобул, колуңдан келишинче барктап, сактап ал. Ал киши бул буюмду кастарлап күтчү эле. Эми аны сага калтырды, - деп чөнтөгүнөн ак кездемеге оролгон нерсени алып чыгып колума карматты. Ачып карасам эски, бирок кооз бычак экен. Сабы жыгачтан жасалган, эски булгаары кыны бар көрксүз, одоно көрүнгөн бул бычак кайсыл доордо, кайсыл кылымда жасалганы белгисиз.
Азыр мындай буюмдар жок эсе болуп, эски экени айгинеленип турчу. Ал эми чоң атам ал бычагын курунан түшүрбөй байланып, дайыма тазалап жүргөнүн көрчүмүн. Аны ар кимге бере берчү эмес. Эч качан аялзатынын колуна карматканын көргөн жокмун. Мына ошол чоң атамдын аялуу буюму колумда турду. Бычакты кармалай анын бырыш баскан жүзүн элестете ойго батып туруп калдым. Мунумду сезген атам:
-Бул деген атаңдын эң жакын аялуу буюму. Жакшы сакта, - деп калды. Бычакты чөнтөгүмө салдым да эл-журт менен коштошуп Нарынга жөнөп кеттим. Ата аманаты-мурасы деп алгач кестикти жанымдан түшүрбөй, кайда жүрбөйүн тазалап, дат бастырбай жакшы сактап жүрдүм.
Жыл айланып, чоң атамдын жылдыгын да бердик. Бардыгы өз нугу менен өтүп жатты. "Колдоюп чөнтөккө салганга эби да жок экен же эски немени тагынып жүрө албайсың" деп чоң атамдын кестигин текчеге коюп койгом. Анын үстүнө жаныңа бычак салып жүргөн мода деле болбой калбадыбы. Анда-санда тазалап да койчумун. Кийин бара-бара күнүмдүк көр оокаттын азабы менен жүрө берип ал нерсе да унутулду. Бычакты тазаламак түгүл, кайда калганын да эстен чыгарып коюпмун. Мына ошондой жай турмушту баштан өткөргөн күндөрдүн биринде мени кырсык тооруй баштады. Алгач аялым катуу ооруп, доктурдан доктурга керсөтүп жатып араң айыгып чыкты. Андан көп өтпөй эле өзүм машинадан авария болдум. Бутум сынып көптө барып айыкты.
Бир кезде "ишим илгерилеп, итим чөп жеп" турса, азыр кырсыктын артынан кырсык келип балээден кутулбай жаттым. Ишим бир заматта артка кетип, иштетип жаткан фирмам банкрот болду. Кечээ эле эки-үч машина, үч үйүм бар болсо азыр анын баарын сатып, дагы элге карыз болуп доочулардан качып жүрдүм. Үстүмдө жалгыз гана жашап жаткан үйүм калды. Анын да болгон ырыстуу эмеректерин сатып бүткөм. Мунун баары кандайча болуп кеткенине түшүнө албай, акылым айран таң. Кечээ эле жандап жүргөн жоро-жолдоштун, дос-тамырдын бүгүн бири жок. Колдоор киши жок жалгызчылык жанга батты.
Болгон ызамды, арманымды эми ичкиликтен чыгарып күндө масмын. Күйүтүмдү бөлүшчү жалгыз "досум" ичкилик болуп турду. Арадан бир топ мезгил өтүп кетти. Эми мен эч кимге керегим жок эски буюмдай өзүмдү жалгыз сезип жүрөм. Ошондой күндөрдүн биринде түшүмө ыраматылык (жаткан жери жайлуу болсун) чоң атам кириптир. Жарыктык киши менин азыркы кебетеме нааразы болуп ачууланып урушуп жаткан экен. "Кана бычак?
Аны тап да тазала, бычакты тазалаганың жолуңду тазалаганың, анда өзгөчө касиет бар". Түн бир оокумда чочуп ойгонуп кеттим. Чын эле бычакты унутуп койгонумду сездим. Таң атканча уктабай ооналактап чыктым. Эртең менен текчени карасам баягы койгон ал ордунда жок. Үйдөгүлөрдөн сурасам эч ким дайынын билбей жатышты.
Чаң-будуңун чыгарып урушуп-тилдеп, үйдү үч көтөрө тинтип бардыгыбыз аны издеп жаттык. Тээ бир оокумда гана эски буюм-тайымдар салынган жашиктен аялым таап чыкты. Чоң атамдын бычагы дат басып кейпи кетип, көзгө ого бетер суук көрүнүп калыптыр. Ал күнү отуруп алып кечке жалтырата сүртүп тазалап чыктым. Андан соң аппак кездемеге ороп кастарлап чөнтөгүмө салып койдум.
Кудайыма тобо, ошондон баштап акырындап ишим оңоло баштады. Кайрадан майда бизнестен баштап чоң бизнеске аралаштым, Баягы жоготкон, айрылган нерселеримдин ордун толук таап алдым. Мына ошондон соң бычакта бир касиет бар экенин туйдум. Бекеринен аны чоң атам эч кимге бербей баалачу экен да. Азыр чоң атамдын арбагына дайым куран окуп, анын аманатын таза сактап келем. Ишим да оңолууда. Буга бычактын таасири бар экенине чындап ишенем.
Булак: ШАМБАЛА