www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы 7-каналдын мүлкү камакка алынып, жабдыктарына мөөр басылды. Кызматкерлерин телеканалдын ичине киргизбей жатышат. Мына ушундай маанайдагы маалыматтарды жергиликтүү булактар жазып чыгышты.
Муну КСДП партиясынан дагы ырасташкан. Анда айтылгандарга ишенсек, телекомпания мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин медиа активдерине кирет. Ал эми кечээ Башкы прокуратура Атамбаевдин жана анын жакын туугандарына таандык делген кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдүн камакка алган тизмесин жарыялаган.
Эске салсак, буга чейин Атамбаевге таандык делген Апрель телеканалы ишин токтотуп, анын мүлкү дагы камакка алынган. Чыгармачылык жамааты социалдык тармактар аркылуу маалымат жеткирип, ар кайсы жерлерде иштерин улантып келишет.
Булак: "NazarNews.kg"