www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Бангладеште күйөөгө тие турган кыздар эми үйлөнүү үлпөт алдында кыз же кыз эместиги тууралуу айтышпайт. Мындай чечимди Бангладештин Жогорку соту кабыл алды. Бул тууралуу msn басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, багладештик кыздар мурда мыйзам боюнча нике сертификатына кумари, тактап айтканда, кыздыгы бар, жесир же ажырашкан дегенди толтурушу керек болгон.

Эми кызыдыгы бар деген пункт бойдок деген менен өзгөрөт. Мындан сырткары, үйлөнчү жигит да өзүнүн статусу тууралуу маалымат толтурат, ал мурда толтурбай келген. 25-августта чыккан чечим тууралуу өлкө бийлиги маалымат бере элек жана ал качан күчүнө кирери да белгисиз.

Бул иш 2014-жылдан бери каралып келген. Аны менен иштеген жактоочулар соттун бул чечими аялдардын укугу багытында өзгөрүүлөр болушуна үмүт жаратты деп белгилешүүдө. Жактоочулар аялдардан кыздыгың барбы деп суроонун өзү жеке жашоо укугуна каршы келет дешүүдө.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости