www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев социалдык тармак колдонуучулардын сүймөнчүлүгүнө айланды. Тагыраагы Жунушалиевдин өкмөт жыйынында ак баракка чиймелеп олтурганы бүгүнкү күндүн темасы болууда. Мындай учурду жөн калтырбаган социалык тармактын колдоонучуларына майдай жага берди. Бири тамашага салса, бири сындаса, дагы бири эмне тартып жатканына кызыгып собол салышууда.

Бул тууралуу Фейсбукка жарыяланган посттордун айрымдарын келтиребиз:  

Тынчы Атбашингтони: “Кашкар байкенин эмгектеринен;););)” – деген теманын алдында чарчы-чарчы болуп куралган жер төшөктөрдүн сүрөтүн жайгаштырган.

Жумагүл Барктабасова: “Жунушалиев Атамбаевди камоо менен иш бүттү деген го. Министрибиз минтип олтурса, жыргаган экенбиз...”

Канышай Мамыркулова: “Квадрат тартып ойногон Кашкар Жунушалиев кызматтан кетсин. Калгандары деле квадрат-свадраты менен кошо кетсин. Жаман көптүңөр...”

Адилет Балтабай: “Кашкар Ж. Атамбаевдин үйүнө минтип кирсем болмок деп тартып аткандай...”

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости