www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалындаган жаштыктын деми менен учурунда арзыган адамы тагдырдын белегин тартуулаганын 25 жылдан кийин билген Асылбек аксакалдын бул баяны абдан кызыктуу экен. Андыктан анын өтүнүчүн эске алып каармандардын аттарын толугу менен өзгөртүп коюуну туура көрдүк.
—Анда союздун учуру эле… Бизди мугалимдерибиз Кеминге айыл-чарба жумушуна алып барышты. Биз жайгашкан жерде башка жогорку окуу жайлардын да студенттери бар болчу. Күндүзү талаада иштеп чарчаганыбыз эле болбосо, кечкисин жалындаган жаштыктын доорун сүрүп убактыбыз аябай көӊүлдүү өтчү. Күндөрдүн биринде университетте окуган чүйлүк кыз менен жакындан таанышып калдым. Нурайым экөөбүздүн жылдызыбыз келишип калгандыктан ошол учурдан баштап кыз-жигит болуп жүрө баштадык. Бир жолу жаштык-мастык кылып аны менен жакындашып койгом… Кийин шаарга кайтканыбызда мен башка окуу жайда окугандыктан экөөбүз мурдагыдай жолугуша албай калдык. Окуумду аяктагандан кийин ата-энемдин сунушу менен айылдаш кызга үйлөндүм. Андан кийин келинчегим экөөбүз үч кыз, эки уулдуу болдук. Арадан 25 жылдай убакыт өттү. Эӊ улуу кызым Украинадагы жогорку окуу жайлардын биринде студент болчу. Ал жайкы сессиясын тапшырган соӊ Кыргызстанга келип калды. Айылга келгенине бир жума болгондо мага көптөн бери сактап жүргөн бир сырын айтып берди. Ал күнү үйдө экөөбүз эле болчубуз. Ошондо кызым менин эмнегедир шектүү карап:
—Ата, менден улуу эжем бар беле?-деди күтүлбөгөн суроону берип.
—Жок… Сен менин улуу кызымсыӊ да,-дедим эптеп оозумду кыбыратып.
—Анда туугандарыӊыздын Киевде иштеген кызы жок беле?-деп дагы эле мага ишенбей жаткансып сурады. Бул сөздү укканда ага таӊ калып:
—Кызым, атаӊды кыжалат кылбай болгонун ачык айтчы,-дедим андан аркысын уккум келип.
— Ата, мен бул жакка келээрдин алдында мен окуган институттун китепканасынан сизге окшош кызды көрдүм. Ал ошол жерде иштейт экен. Аны менен таанышып алдым. Эгер кааласаӊыз кийинчерээк ал кызга сизди жолуктурам. Балким…
Кызым сөзүнүн аягына чыкпай мени көпкө тиктеп калды. Анан экөөбүз бул тууралуу үйдөгүлөргө убактылуу ооз ачпоону убадалаштык. Ошентип кызым бир айдан кийин Украинага кетти. А мен бул убакыттын ичинде башымдан өткөн окуялардын баарын көз алдыман өткөрүп отуруп, акыры баягы Нурайымды эстедим. Жаӊылбаптырмын… Ошол күндөн Нурайым эмнегедир акыркы күндөрү түшүмө көп кирчү болду. Аны кадимкидей сагына баштаганымда кызым байланышып калды. Анын чакыруусу боюнча атайын Украианага бардым. Кызым мени өзү айткан китепканачы кыз менен тааныштырды. Ой тобоо…
Үчөөбүз аябай окшош экенбиз. Гүлжандан үй-бүлөсү тууралуу сураганымда ата-энеси ажырашып кеткенин, апасы чүйлүк, аты Нурайым экенин айтканда ошол замат көзүмдөн жаш куюлуп кетти. Гүлжандын өтүнүчү менен ал экөөбүз Крымга жөнөдүк. Жол жүрүп баратканда мага дагы бир топ маалыматтарды айтып берди. Апасы жашаган үйгө кирип барганыбызда Нурайым алдыбыздан тосуп чыгып кызы менен учурашкандан кийин мени бир топко чейин тиктеп:
— Көзүӊ жылуу учурап жатат. Сен Асылбексиӊби?-деди күлүмсүрөп.
—Ооба. Нурайым, бул сенсиӊби?-дедим үнүмдү акырын чыгарып. Экөөбүз жакшылап учурашкандан кийин конок үйгө кирип дасторкондон орун алдык. Ал мени уул-келини менен тааныштырды. Алар мага колунан келишинче сый-урматын көрсөтүштү. Бир маалда кызы, уул-келини бизди ээн калтырышып, башка бөлмөлөргө кирип кетишти. Нурайым экөөбүз өткөн күндөрдү эске салып чер жазып сүйлөшүп отурдук. Анын айтуусуна караганда баягы ортодогу «ысык мамиледен» улам анын боюнда болуп калган экен. Ошондо сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетиптир. Гүлжанды төрөгөндөн кийин бир жеке турмушунда бир топ кыйналыптыр. Айылына барганда ата-энеси алысыраак туугандарынын баласына алып берип коюшуптур. Экөө эки жыл жашап уулдуу болушкандан кийин оту күйүшпөй ажырашып кетишиптир. Нурайым андан кийин кайра турмуш курбай балдарынын келечегине кам көрүп жашаптыр. Ал жакта бир күн конок болгондон кийин кайра туулган жериме сапарга чыктым. Алар мени жакшылап узатышты. Айылга келгенде байбичеме болгонун ачык айтып бердим. Алгач мага таарынып капа болсо да, акырында кепке келип кечирди. Учурда 25 жылдан кийин көрүшкөн Гүлжаным балдарым менен бир тууган катары катышат. Өкүнүчтүүсү, өзүмдүн өмүрлүк жубайым узакка созулган оорудан улам, жаш кезде арзуумду арнаган Нурайымым болсо автокырсыктын айынан мени жалган дүйнөгө жалгыз таштап кетишкен. Эх тагдыр… Мынча неге таш боорсуӊ?!.
Нуркемел Исаев
Булак: NazarNews.kg