www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле «АГ» ЖЧКсынын жооптуу кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.

Тактап айтканда, 2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын январына чейинки мезгилде Бишкек шаарындагы ЖЭБдин кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин жана көмүр жеткирүүчү «АГ» ЖЧКсынын ортосунда лабораториялык сыноолордун жыйынтыктарын бурмалоого байланышкан коррупциялык схема уюштурулганы аныкталды. Бул схема жеткирилген көмүрдүн сапатын жасалма түрдө жогорулатуу катары көрсөтүлгөн.

Натыйжада кызыкдар тараптардын мыйзамсыз аракеттеринин кесепетинен мамлекеттик бюджетке 20 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирилген, ошондой эле Бишкек шаарынын жылуулук сезонун туруктуу өткөрүүгө жана энергетикалык системанын ишенимдүү иштешине реалдуу коркунуч түзүлгөн.

Топтолгон материалдардын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарындагы ЖЭБдин директорунун орун басары Т.Р.А кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости