www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаада ШКУга мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфы оюндарынын алкагында эл аралык конференция өттү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Биринчи жаштар Дельфы оюндарынын алкагында эл аралык конференция болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявин, ШКУнун Ишкерлер кеңешинин аткаруучу катчысы Сергей Канавский, КР Дельфы комитетинин төрагасы, КР эл артисти Анарбек Ибраев, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын темалары:
- “Дельфы оюндары – жаш таланттарды колдоонун, креативдүү индустрияларды жана окуялык туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу куралы”;
- ⁠”Медиамуунда: өлкөлөр менен маданияттарды байланыштырган санарип көпүрөлөр. Заманбап маданий долбоорлордун түзүмүнө жасалма интеллектти интеграциялоо”.

Калаа башчысы өз сөзүндө борбордо өтүп жаткан оюндардын маанисин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө Дельфы оюндары — бул жөн гана чыгармачылык үчүн аянт эмес. Бул жалпы маданий мейкиндикти түзгөн, өлкөлөр ортосундагы ишенимди бекемдөөгө, маданият жана билим берүү аркылуу туруктуу өнүгүүгө шарт түзгөн маанилүү гуманитардык курал.

Конференциябыздын темалары заманбап өнүгүүнүн негизги багыттарын чагылдырат. Биз жаш таланттарды колдоону өлкөлөрүбүздүн стратегиялык ресурсу катары, ал эми креативдүү индустрияларды жана иш-чара туризмин экономиканын жана маданий саясаттын кыймылдаткыч күчү катары карайбыз”, - деди калаа башчысы. 

Мэр ошондой эле медиа муунду калыптандыруунун, маданий долбоорлорго жасалма интеллектти интеграциялоонун жана диалог, биргелешкен чечимдер жана тажрыйба алмашуу аркылуу маданияттар аралык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Конференциянын алкагында Грек-Россия соода палатасы менен Россиянын Улуттук Дельфы кеңешинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Ошондой эле Дельфы комитети, Шанхай кызматташтык уюмунун Ишкердик кеңешинин катчылыгы жана “Санариптик Жибек жолу Чжун-Хэ” компаниясынын ортосунда ниеттер тууралуу протоколго кол коюлду.

Последние новости