www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борборго өлкөнүн башкы балатысы орнотулду

Жаңы жылга карата Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында башкы балаты орнотулду, бирок COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу быйыл салтка айланып калган жаңы жылдык концерт болбойт.

Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдиргендей, бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында аянтка былтыркы жылдагы балаты орнотулду. Анын бийиктиги 27 метрди түзөт.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин имаратынын жанына бийиктиги 15 метр, ал эми Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанына бийиктиги 11 метр болгон балаты орнотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости