www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги, Дүйнөлүк Банк жана БУУнун эксперттери 4-августта деңиз портундагы жарылуудан кийин Бейрутту калыбына келтирүү боюнча биргелешкен план иштеп чыгышты.

Бул тууралуу документке шилтеме берүү менен "The Daily Star" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, реконструкциялоо программасы 18 айга эсептелген жана калыбына келтирүү иштери, ошондой эле жарылуудан жапа чеккен калкты колдоо үчүн 2,5 миллиард доллар каражат бөлүү каралган.

"The Daily Star" басылмасы ошондой эле калыбына келтирүү программасына демөөрчү боло турган эл аралык уюмдар жакынкы келечекте Ливанда ишенимдүү өкмөт түзүлүп, өлкөдө реформаларды жүргүзө баштайт деп үмүт артышарын белгиледи. Мындан тышкары, ЕБ, БУУ жана Дүйнөлүк Банк порттогу жарылууга себеп болгон жагдайларды териштирүү зарылдыгын белгилеп, банк мекемелеринде аудитордук текшерүү жүргүзүү, капиталдык кыймылга көзөмөл орнотуу, каржылык абалды турукташтыруу үчүн зарыл чараларды көрүү керектигин баса белгилешти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости