www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фарид Ниязов камакта калды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев билдирди.

"Бүгүн сотто Канат Сагымбаев менен Фарид Ниязовду камакка алуу мөөнөтүн узартуу боюнча прокурорлордун өтүнүчү каралды. Канат Сагымбаев үй камагына чыгарылды. Ал эми Фарид Ниязов 10-февралга чейин камакта калтырылды", - дейт Жоошев.

Эске салсак, Фарид Ниязов менен Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Канат Сагымбаев Кой-Таш окуясынан тышкары Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык баш аламандыкты уюштуруу") боюнча дагы айыпталып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости