www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул тапта БРИКСтин 15-саммити Түштүк Африкада 22-24-август күндөрү өтүп жатат. БРИКСке мүчө башка мамлекеттердин лидерлери менен катар бул иш-чарага чакырылгандардын арасында Африканын 54 өлкөсүнүн лидерлери бар. Россиянын президенти Владимир Путин саммитке видеобайланыш аркылуу катышып, кайрылуу жасады. Саммитке жалпысынан 67 өлкө чакырылганы маалым болду.
БРИКСтин бул жыйыны эң ири үлкөн, маанилүү иш-чара катары саналууда. Түштүк Африканын Тышкы иштер министрлиги 23 өлкө БРИКСке кирүү үчүн расмий арыз бергенин жана дагы бир нече мамлекет кызыкдар экенин билдирди.
БРИКСтин бул жыйынында экономикалык жактан кубаттуу, араб өлкөлөрүнүн ичинен эң негизги оюнчуларынын бири болгон Сауд Арабиясы уюмга мүчөлүккө өттү. Алардын арасында Сауд Арабиясы менен бирге Алжир, Аргентина, Египет, Индонезия, Иран жана Бириккен Араб Эмираттары бар. Мындай өлкөлөрдүн эсебинен уюмдун кеңейиши G7ге каршы салмак катары Орусия менен Кытай үчүн чоң жеңиш экени айтылууда. Йоханнесбург университетинин профессору Алексис Хабяремиянын айтымында, өзгөчө Сауд Арабиясы сыяктуу ири оюнчулардын БРИКСке кириши биримдиктин экономикалык структурасын бекемдеп, кадырын көтөрүп, кубаттуулугун артырат.
Эки күнгө созулчу Самитте БРИКСтин лидерлери уюмду кеңейтүү жана улуттук валютага өтүү маселесин талкуулап жатышат...
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 22-августта БРИКСтин Түштүк Африка Республикасындагы жолугушуусун "бирикменин тарыхындагы маанилүү этап болуп калат жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тилектештигин бекемдейт" деп билдирди.
Ал эми уюмдун негизи оюнчуларынын көзүрү болгон Россиянын президенти Владимир Путин БРИКСтин соода-сатык, ишкердик алаксындагы мамиленин өөрчүгөнүн белгилеп, экспорт-импорт операцияларын жүргүзүүдө доллардын үлүшүн төмөндөтүү максатында өз ара эсептешүүлөрдү жана валюта-финансылык көзөмөл багытында эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу боюнча алгылыктуу чаралар көрүлүп жатканына токтолду.
Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө: "Мунун жыйынтыгы көрүнүп жатат. Өткөн жылы БРИКСтин алкагындагы экспорттук-импорттук операцияларда доллардын үлүшү азайып, болгону 28,7 пайызды түздү. Соңку 10 жылда БРИКС өлкөлөрүнүн өз ара капиталдык салымдары алты эсе жогорулады. Россиянын БРИКСтеги өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү 40,5%га көбөйүп, рекорддук 230 млрд. доллардан ашты. Россия транспорттук-логистикалык агымын чет өлкөлүк ишенимдүү өнөктөштөрүнө, анын ичинде БРИКСтеги мамлекеттерге аткивдүү түрдө буруп жатат. Флагман долбоорлордун арасында — Түндүк деңиз жолу жана жаңы эл аралык “Түндүк — Түштүк” транспорттук коридору бар", - деп айтты.
Ошондой эле, Россия бүгүнкү күндө Украинадан чыкпай калган дандын ордун толтурууга чамасы жетээрин билдирип, өнөктөш өлкөлөргө коммерциялык негизде да, кайтарымсыз жардам түрүндө да бере алаарын кошумчалады. Биринчи кадам катары Африкадагы алты өлкөгө 25-50 миң тоннадан буудай акысыз жеткирилгенин мисал келтирди.
БРИКСтин минтип кулачы кеңейип, дүйнөдөгү эң маанилүү, кадыр-барктуу негизи уюмдун бирине айланып жатышы Америка баштаган Европа өлкөлөрүн тынчсыздануусун жаратууда. Себеп дегенде, дал ушул уюмга мүчө болгон өлкөлөр жаратылыш ресурстарына бай болуп, адамзатка керектүү азыктарды өндүрүүгө жөндөмдүү. Европа өзүнүн ресурстарын пайдаланып бүткөн. Бүгүнкү күндө, нефти продукцияларына, айыл-чарба азыктарына байланыштуу дал ушул БРИКСке кирген өлкөлөргө көз карандылыгы күчтүү. Ошондуктан, Америка жана Европа БРИКСтин күчтөнүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өнүгүп кубаттуулугу артышын каалабайт. Аларга бытыранды болгон мамлекеттердин жаратылыш ресурстарын ар кандай айла-амал менен арзан алып, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу, үстөмдүк саясатын жүргүзгөн ыңгайлуу. Мына ушул гегемониялык үстөмдүк саясатын сактап калуунун аракетин көрүп жаткан Америка башында турган бүтүндөй Батыштын кыялдарын, максаттарын Россия менен Кытай негизги ролду ойногон БРИКС уюму ооздуктап, дүйнөдөгү экономикалык, финансылык, саясий тартипти жаңыланууга душар кылууда. Бул көрүнүш, албетте, Америка менен Батышка жакпай турган баш оору. Ошол себептен, алар уюмдун тамыр жайышын жактырышпайт.
БРИКС – 2006-жылы июнь айында Бразилия, Россия, Индия жана Кытайдын экономика министрлеринин катышуусунда Санкт-Петербург экономикалык форумунун алкагында түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Кийинчерээк ага Түштүк Африка Республикасы кошулган.
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg