БШК бир нече президенттикке талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоодон өткөрдү
Саясат  |   |  778

Бүгүн, 21-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия президенттикке талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттап, токтом кылды.

Ага ылайык, Имамидин Ташовдун, Бакыт Романовдун, Жамбылбек Камчиевдин, Мирлан Калыбековдун шайлоо маселелери жана каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Ал эми БШКнын комиссиясы Элеонора Турдубекованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон баш тартты. 

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями