www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Sinovac Biotech компаниясынын Кытай коронавирусуна каршы вакцинасы адамдын катышуусунда өткөн изилдөөлөрүндө тез иммундук реакция жаратаары далилденди.  

Вакцинацияланган ыктыярчыларда антителолордун деңгээли COVID-19 менен ооруган жарандарга караганда төмөн экендиги белгиленди. Бирок, анын натыйжасы вакцина организмди вирустук инфекциядан коргой алаарын көрсөттү. Изилдөөгө 18 жаштан 59 жашка чейинки 700дөн ашуун дени сак адамдар катышкан. Алар вакцинанын эки дозасын 14 күн аралык менен алышкан.

Илимий макаланын автору Чжу Фэнцайдын айтымында, биологиялык препарат пандемия учурунда өзгөчө кырдаалда колдонууга ылайыктуу. Бирок, ал организмдин иммундук реакциясынын узактыгын так аныктоо үчүн дагы көп изилдөө талап кылынарын белгиледи.

Азыркы тапта, Кытайда жасалган вакцина клиникалык сыноолордун үчүнчү этабына кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости