www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев, Жириновскийдин орунсуз сыны боюнча пикирин айтты.

-Нарынбек мырза, Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгып эле президент болду деп жээригендер да, сындагандар да көп. Анын бири Жириновский. Түрмөдөн чыгып эле президент болгон окуя Кыргызстанда эле биринчи жолу болуп жатабы же башка мамлекеттерде да болгонбу?

-Садыр Жапаровдун түрмөдөн чыгып эле президент болгону Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде дагы чоң талкуу болуп жатат. Өзгөчө Жириновский Владимир Вольфович: “Кыргызстан менен катышыштын кереги жок. Кыргызстанда түрмөдө жаткан киши чыгар менен президент болуп алганы факт. Көчөдө жүргөн бандиттер бир күндүн ичинде бийликти басып алды. Дүйнө жүзүндө мындай фактылар болгон эмес”- деп катуу айтты. Эртең менен бирди, түштөн кийин бирди сүйлөгөн эмоционалдуу Жириновскийге жооп кылгым келип жатат. Түрмөдөн чыгары менен президент болгон фактылар Кыргызстанда эле эмес, Чехияда, Венгрияда деле болгон. Маселен, 1990 –жылы Вацлав Гавелди түрмөдөн чыгар замат 54 жашында Чехиянын президенти кылып шайлашкан. Ошондой эле Арпад Гёнц деген Венгрияныны атуулу, түрмөдө көп жыл отурган жазуучу болгон. Түрмөдөн чыгары менен эле 78 жаштагы Арпад Гёнцди калк президент кылып шайлап алган. Ошондуктан, Садыр Жапаров эле түрмөдөн чыгар замат президент болуп алды деп жээрибей деле койсок болот. Анткени, Садыр Жапаровду эл колдоп президент кылган.

-Эмоциясын жашыра албаган Жириновский менен мурда кийин жолуктуңуз беле?

-Ооба, жолуккам. Ал турсун эки күн сырдашып, жакшы сүйлөшкөм. 2006-жылы Кыргызстандагы тууганыныкына 4 күнгө келип калганда, 4 күндүн эки күнүн Жириновский экөөбүз чогуу болгонбуз. Өзгөчө кечкиси убакыттарды экөөбүз бирге баарлашып отурчубуз. Абдан сырдашып, жакшы болуп жүрдүк. Кыргызстанда туугандары бар экенине карабай эмоционалдуу кебин айтып, катуу сындады. Негизи Жириновскийдин айтканы туура эмес. Бир туруп, Кыргызстанды айга-күнгө теңейт. Бир туруп ушунчалык кемсинтет. Кыскасы, бул сапар чоң катачылыкка жол берди. 10-январдагы президенттик шайлоодо ким өтүп, ким өтпөсү белгисиз. Бирок, эл Садыр Жапаровду колдоп турат. Баса, Арпат Гёнц менен да жолуккам. 1997-жылы Кыргызстанга туугандарын издеп келген. Арпат Гёнцтин түбү кыпчак экен. Анткени, Кыргызстандагы кыпчактар дагы учурунда Венгрияга кеткен. Азыр Венгрия кыпчактан куралган эл деп айтышат. Чынында андай эмес. Венгрия 7 уруудан түзүлгөн. 7 уруунун бирөөсү кыпчак болгон. Айтмакчы, Арпад Гёнцтын кызы да Ички Иштер министри болуп Кыргызстанга келгенде жолугуп, атасы жөнүндө айтып бергем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости