www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Covid-19 илдети козгой турчу кооптуу оору аталды

"Covid-19 пандемиясы дагы бир жугуштуу оорунун - кызамыктын чыгышын шартташы мүмкүн"- деп Мельбурндагы Мердок балдар илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары кооптонушту.  

Эксперттердин айтымында, балдар арасында ушул курч жугуштуу оорунун тез жайылуусуна чектөөчү чаралардын натыйжасында балдарды эмдөөлөрдүн жетишсиздиги, жакырчылыктын көбөйүшү, анын ичинде көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө социалдык жардамдын кыскарышы сыяктуу факторлор таасир этет.   

ДССУнун маалыматтарына таянуу менен, ал быйылкы жылы пандемияга байланыштуу иммунизация процедуралары кечигип жаткандыгы үчүн 94 миллиондой бала пландуу эмдөөлөрдү өткөрүп жибергенин айтты.

"Жогоруда айтылган себептердин бардыгы келерки жылы кызамык оорусунун өөрчүшүнө жана кызамык эпидемиясына алып келиши мүмкүн", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости