www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин

Ө.Текебаевдин “вы никто” дегенине түшүнө бербей чычалагандар, “элди айтты” деп каны кызуу жаштарды тукурган чагымчылдар көбөйдү. Алар муну саясий күрөштө пайдаланып, оппонентти жаманатты кылууга жан үрөөдө. Мындай пикирин жаңы саясатчылардын катарын толуктаган Айданбек Акматов өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. 

Ага кошумча, "Текебаевдин “вы никто” деген сөзүн Конституцияга ким же кимдер өзгөртүү киргизе алат деген контексттен гана караш керек жана кабылдаш керек. Мына ушул өңүттөн алганда, Конституцияга кимдер өзгөртүү киргизе алат? Президеттин милдетин аткаруучу киргизе алабы? Президенттин аппаратында юридика бөлүм башчысы киргизе алабы? Булардын бирөөсүнө да андай укук берилген эмес. Ошондуктан алар бул маселеде “никто” болуп жатат. Ошон үчүн Текебаев аларды “вы никто” деди.

Конституцияга кимдер өзгөртүү киргизе алары Конституциянын 114-беренесинде жазылган. Ага ылайык, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү 300 миң адамдын колу менен же көпчүлүк депуттаттар сунуштап, 120 депутаттын 80ни же Жогорку Кеңеш депутаттарынын 2/3 референдумга алып чыга алат. Анан референдумда калк жактырса, ал кабыл алынат.

Азыркы кезде болсо 300 миң адамдын колу жыйналган жок. Референдум жана Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жактаган депутаттар 80 болду деп жарыяланды. Бирок бир топ депуттар демилгечи болбогонун билдиришти. Демек, 80 депутат жок.

Анын үстүнө 5 жылдык мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңештин азыркы чакырылыштагы депутаттарынын өзгөчө маанилүү маселе болгон Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө моралдык да, юридикалык да укугу жок болуп турат. Муну жергиликтүү юристтер, аттуу-баштуу саясатчылар, жөн гана Конституцияны окуган жарандар өтө көп жолу эскертти. Соңунда Венеция комиссиясы да эскертти. Ошондуктан Конституцияга өзгөртүү киргизүү азыркы шартта мүмкүн эмес. Ал Жогорку Кеңешке жаңы шайлоодон кийин гана мүмкүн", - деп жазат Айданбек Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости