www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШК депутат Дастан Бекешевди парламенттик башкаруу формасы боюнча үгүт тобуна каттаган жок. Бул тууралуу парламентарий өзүнүн телеграмм каналында билдирди.

Белгилей кетсек, Референдум өткөрүлгөнгө чейин жарандар топторду түзүп, добуш берүүгө сунушталган маселелердин бири боюнча үгүт иштерин жүргүзө алат.

“Алар конституциялык мыйзамдан бир айла тапты жана мени каттоону каалашкан жок. Бирок биз дагы деле ушул топту түзөбүз жана ишти улантабыз” – деди Бекешев.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге Дастан Бекешев мамлекеттик кызматкер болгондуктан каттоодон баш тартылгандыгын билдирди.

“Депутат референдумда үгүт иштерин жүргүзө албайт” – деп түшүндүрдү комиссия.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости