www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз катчысы Руслан Изреков 19-январда «Азаттыкка»билдирди.

Анын айтымында, референдумду жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен чогуу өткөрүү маселеси талкууланып жатат, бирок азырынча бир чечим чыга элек:

«Экөө чогуу өтүшү мүмкүн. Негизи, ошондой сөз бар. Сунуштар айтылган. Азыр так кесе мынчанчы күнү болот деп айта албайбыз. Шайлоонун жыйынтыгы ушул аптада жарыяланат. Ошого жараша чечим кабыл алынат. Болжолдуу түрдө апрелде өтөрүн божомолдоп жатабыз», - деди Изреков.

Былтыр октябрь окуяларынан кийинки бийлик алмашууга байланыштуу 10-январда кезексиз президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум чогуу өткөн.

Конституциялык кеңешме 11-декабрда Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости