www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Өлкө башчысы болгон адам, саясий куугунтукту токтотуп айкөл, кечиримдүү, сабырдуу, акылдуу болуп, элди, саясатчыларды биримдикке ынтымакка чакырышы керек”, - деди, бүгүн 19-январда NazarNews.kg маалымат агенттигине Кубанычбек Кадыров.

-Кубанычбек мырза, коомчулукта Садыр Жапаровду үгүт учурунда ашыкча каралап, сындаган талапкерлерге кылмыш иши козголушу керек деген да пикирлер арбын айтыла баштады. Чындап каралагандарга кылмыш иши козголсо, аша чабуу болбойбу?

-Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 16-беренесинде мыйзам баарына бирдей деп так жазылып турат. Эгер мыйзам бузгандар болсо, жооп бериш керек! Садыр Жапаров эл-журтубуздун тандоосу  менен президент болду. Биринчиден, өлкө башчысы болгон адам, саясий куугунтукту токтотуп айкөл, кечиримдүү, сабырдуу, акылдуу болуп, элди, саясатчыларды биримдикке ынтымакка чакырышы шарт. Ошондой эле  кекчил болбошу керек. Экинчиден, өлкөбүздө саясий, экономикалык, социалдык абал абдан оор, инвестиция жок болуп турган мезгил. Эми тирешти,  саясатты токтотуп, баарыбыз президентке жардам берип, мамлекетибизди көтөрүп эл-журтубуздун бакубат жашоосуна кызмат кылалы.

-Курсан Асановдун аялына кылмыш иши козголуп, суракка чакырылганы күйөөсүнө  кысым кылуу үчүн болгон иш эмеспи?

-Курсан Асанов болобу же башка жаранбы жогоруда айткандай бардыгыбыз мыйзам алдында бирдейбиз. Мындан сырткары тергөө жүрүп жатканда эмне болуп жатканын билбейбиз. Башында 2 млн. доллар деп жатышты эле, кийин 5 млн. доллар деген маалымат чыкты. Бул чоң акча да. Инвестор келип ушунча акчасын алдыртып жиберсе Курсан Асанов үчүн гана эмес, кыргыз эле үчүн уят иш. Мунун чын бышыгын тергөө аныктайт деңизчи. Бирок Курсан Асанов азыр да президенттикке талапкер деген статуста турат.  Ошондуктан тергөөдө болгон иштер коомчулукка ачык айтылып, мыйзам чегинде иш жүрүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости