www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир бош иш орунуна 44 адам туура келет. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Самаган Асанов брифингде билдирди.
Анын айтымында, пандемияга байланыштуу министрлик калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында кошумча иш-чараларды жүргүздү.
"2021-жылдын 1-январына карата өлкө боюнча расмий катталган жумушсуздуктун деңгээли 35%ды түздү. Жумушсуздук эң көп Жалал-Абад облусунда (5,9%) жана Баткен облусунда (5,2%) байкалса, эң төмөнкү көрсөткүч Чүйдө (1,3%) жана Бишкекте (1,2%) катталган. 2020-жылы иш менен камсыз кылуу кызматына 130 миң 800 адам кайрылган", - дейт ал.
Асанов 2021-жылдын 1-январына карата жалпы жумушсуз жарандардын ичинен иш менен камсыз кылуу кызматына 98 миң 700 адам каттоодо турганын айтат.
"Анын ичинен 76 миң 700 адам расмий жумушсуз статусун алган. Иш берүүчүлөр 20 миң бош орун сунушташкан. Бош орундарга 15 миң 200 адам ишке орношкон. Министрликтин маалыматы боюнча, бир бош орунга 44 адам туура келет. Аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү иш берүүчүлөр жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте 15 миң 300 адамды убактылуу жумуш орду менен камсыз кылды. Анын ичинен аялдар 40%ды, жаштар 24%ды түзгөн. Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында министрлик zanyatost.kg калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү порталын иштеп чыккан. Жумуш издеген жарандар сайт аркылуу арыздарын бере алышат жана башка кызматтарды колдоно алат", - деп белгиледи министрдин орун басары.
Булак: NazarNews.kg