www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 28-сентябрда БШК “Реформа” партиясынан депутаттыкка талапкер Акжолтой Тукуновдун жашы жете элек уулу партиянын пайдасына үгүт жүргүзгөн видеотасманы талкуулады. Видео Instagram социалдык тармагына жарыяланган.

Талапкердин айтымында, видео үйдөн тартылган, атайын үгүт үчүн тартылган эмес, расмий барактарга жарыяланган эмес.

БШКнын эки мүчөсү бул үйдөгү видео, аны өчүрүп коюуга мүмкүн жана партия менен талапкерге айып пул салуунун кажети жок дешти. Ошол эле учурда, калган мүчөлөр бала тараптан үгүт болгонун жана талапкер бул үчүн жазаланышы керектигин билдиришти.

Ошондой эле отурумга катышкан Тукунов башка партияларга өтө эле жумшак мамиле жасалып, ага орой мамиле жасалгандыгына нааразы боло баштады. “Мен видеону жарыялаган эмесмин. Баарыңар коррупционерсиңер” – деп кыйкырды.

Ага башкаларды сыйлабагандыгы жана тартипти бузгандыгы үчүн залдан чыгарылары айтылды.

Жыйынтыгында талапкерге 7,5 миң сом айып пул салуу чечими кабыл алынды, ал эми партияга эч кандай жаза берилген жок.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Баатырова БШКнын жыйындар залын сыйлабаганы үчүн укук коргоо органдарына билдирүү жөнөтүүнү сунуштады.

Ал эми партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү бул чечимге макул эместигин жана БШКнын чечимине каршы сотко кайрылууга ниеттенип жаткандыгын билдирди. Документтер 29-сентябрда сотко жөнөтүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости