www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан жеке жактарга Борбордук банктын баалуу куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чет өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берди. Тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев 27-сентябрда кол койду.

Маалыматка караганда, «Баалуу металлдардын сатылышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу чаралары тууралуу» жарлыкка ылайык, жеке жактар Өзбекстан Борбордук банкынын баалуу металлдардан жасалган чендүү куймалары менен тыйындарын чектөөсүз чыгарып кете алышат. Бул үчүн Борбордук банктын, Каржы министрлигинин жана Мамлекеттик бажы комитетинин тиешелүү маалымкаты болушу шарт.

Ошол эле маалда куймалар менен тыйындардын саны мыйзамда белгиленген нормадан көп болсо, бажы декларациясын толтуруу керек болот.

Мындан тышкары жарлыкта Борбордук банкка караштуу Баалуу металлдар боюнча агенттикти жоюп, анын ордуна Баалуу металлдарды сактоо жана алар менен иштешүү боюнча кызмат түзүү каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости