www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткенге киргизилген чектөөлөр кайрадан алынды

Баткен облусунда курчуган эпидемиологиялык кырдаалдан улам бүгүн киргизилген бир нече чектөөлөр бир сутка өтпөй жоюлуп, республикалык штаб бир нече тармактын иштөөсүнө кайра уруксат берди. Бул тууралуу аталган штаб кабарлады.

28-сентябрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер, республикалык штабдын тапшырмасы менен кайрадан каралып чыккан.

Эске салсак, бүгүн Баткенде облустар жана райондор аралык, ошондой эле райондук, шаардык ички коомдук транспорттун каттамы убактылуу токтотулган. Мал базарлардын иштебей, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окулбай турганы айтылган эле.

"Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этери айтылган. Коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды", — деп жазылган маалыматта.

Мындан улам облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берген.

"Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү бет кап режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт", — деп билдиришти штабдан.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата, 104 кишиден вирус табылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости